09:50 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Жүк ташуучу унаа жолдо. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Үрүмчүгө түз каттам ачылды

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Бишкек — Кашкар — Үрүмчү жана Ош — Кашгар — Үрүмчү" автожолдору ачылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жүк ташуучулары Үрүмчүгө түз каттай баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы 10 жыл ичинде эл аралык жүктөрдү Үрүмчүгө түз жеткирүү маселеси чечилбей келген.

Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян уйгур автономиялык районунун транспорт делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Үрүмчүгө чейин түз маршрут каттамай болду.

"Кыргызстандыктар түндүк тараптан Торугарттан Кытайдын "Топо" бажы терминалына чейин, ал эми түштүк тараптан Эркечтамдан "Улуу-Чат" бажы терминалына чейин гана жүк ташый алышчу. Эми мекендештер жүктөрүн Үрүмчү шаарына чейин түз жеткире алышат", — деди маалымат катчы Кылыч Досумбетов.

Министрликтин берген маалыматтарына ылайык, ата мекендик жүк ташуучулар документтерин толтуруу үчүн Кытайдын компаниясына кайрылуусу керек. Ошондой эле Кытайдын чек арасына киргенде жүк ташуучулар ал жактын мыйзамын так сактоосу абзел. Кытайдын мыйзамын бузган ата мекендик жүк ташуучулар катталса жоопко тартылышат.

Тема боюнча

Ашхабад — Бишкек — Ашхабад түз аба каттамы ачылат
Оштон Хакасияга түз уча турган каттам ачылды
Белгилер:
жүк ташуучулар, жол, Үрүмчү, Кытай, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ