06:02 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, профессор, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов

Кардиолог: аксакалдын операциясына 85 миң табылбай, жаназасына 150 миң сом кетти

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
399383

Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, профессор, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов 27-ноябрда 61 жашка чыкты.

Дарыгер Абдраманов журналист Гүлдана Талантбековага уникалдуу операциялары, иш учурунда жарык өчүп калганда чөнтөк телефондун жардамы тийгенин, жүрөк ооруларынын кесепеттери, эмне себептен Түштүк аймакта иштеп калганы жана жеке жашоосу тууралуу айтып берди. 

— Алгач, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Улукман дарыгерлердин көбү өмүрүбүздүн үчтөн бир бөлүгү бейтапканада өттү деп калышат. Сиз жашооңуздун канчасын бейтаптарга арнадыңыз?

— Рахмат. Медициналык институтту аяктагандан кийинки өмүрүмдүн жарымы бейтапканада өттү десем жаңылышпайм. Баштапкы этаптарда өмүрүмдүн үчтөн бир бөлүгүн ооруулуулар менен өткөрүп жаткан болсом, азыр он беш жылдан бери дээрлик бейтапканада жашайм. Үйгө кечки ондордо келип эс алып, таң эрте чыгып кетип кечке ошол жакта жүрөм. Азыр сизге Жалал-Абаддан учуп келдим. Учурда Түштүк хирургия институтунда жетекчимин. Бирок жуманын бир күнү Ош шаарында операцияларга катышып, кеп-кеңеш берем. Ал эми эс алуу күндөрү борбордо менчик клиникада консультант-оператор, башкы хирург болуп иштеп жатам. Дем алыш күнү гана убактымды үй-бүлөм, неберем менен өткөрөм. Кичинекейим тоого десе тоого чыгып, айтор, каалаганын аткарабыз. 

— Бир күндө канча бейтап сиздин кол алдыңыздан өтөт?

— Эртең менен операцияга чейин консультациялар башталат. Биздин жумуштун калыптанып калган тартиби бар. Жумушка келгенде мурдагы күнү операция болгондорду реанимациядан карап чыгып, кызматкерлер жалпы бейтаптын акыбалы, оорулуулардын ал-жайы жөнүндө маалымат беришет. Биздин мекемеде жүрөгү ооругандарды башка врачтар деле көрөт, шакирттерим бар дегендей. Бирок оорулуулар атайын профессорго көрүнөт элек деп менин кабыл алуума кезекке турушат. Күнүнө он беш, жыйырма оорулуу болуп калат. Жүрөккө тийиштүү бардык операцияларды жасайбыз. Күнүнө экиден, үчтөн операциялар болуп калат. Институттун жетекчиси катары чарбалык иштерге да көз салганга туура келет. Анан албетте операциядан кийинки оорулуулардын ден соолугу жакшырмайынча бейтапканадан чыгып кете албайм. Татаал оорулар болсо түнөп деле калабыз. 

— Бир операция канча убакытка созулат? Бир жылдары жарык өчүп калып чөнтөк телефондун жарыгына операция жасаганыңызды билебиз?

— Түрлөрүнө жараша убактысы ар кандай болот. Бир сааттын ичинде жасалчу дагы операциялар бар. Татаал операциялар жети-сегиз саатка чейин созулуп кетет. Биз күтпөгөн окуялар болуп калган учурларда 18 саатка чейин созулган учурлар болгон. 

Хирург столичной больницы Калдарбек Абдраманов.
Айбек Темиров
Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, профессор, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов операция учурунда

— Ал азыр биз кеп кылып жаткан операциябы? 

— Жок, ал башка. Мисалы кээде татаал кемтиктер менен операция жасалганда биз күтпөгөн бир акыбалдар пайда болушу мүмкүн. Ошондо кайра-кайра операцияга кирип отуруп аягында жүрөк иштеп кетиши керек. Жүрөк жакшы иштеп кетмейинче, биз операциядан чыгара албайбыз. Жасалма кан айландыруучу система бар. Анда жасалма жүрөк адамдын өзүнүн жүрөгү иштемейинче кызмат кылып турат. Анысы менен беш-алты саат жатып калган учурлар болот.

Ал эми чөнтөк телефондун жарыгы менен жасалган операция тууралуу айта кетсем, экономикасы жагынан алдыда эмес мамлекеттерде медицина абалы ошондой. Маселен суу жок, жарык жок деген маселе жалгыз гана биздин мамлекетте кездешпейт. Операция учурунда жарык өчүп калган окуялар көп эле катталып жүрөт. Бирок жүрөккө операция жасалып жатканда мындай окуялар өтө сейрек. Бизде ошондой окуя болгондон кийин атайын карап чыксам, мындан 1985-жылдарда Киевде профессор Тадуров жаш балага операция жасап жатканда жыйырма мүнөт жарык өчүп калган окуя катталыптыр. Ал эми биздики 36 мүнөткө чейин созулуп кетти…

Негизи жарыкка көп муктаж эмес операциялар бар. Биздин ушул окуя болгондо ызы-чуу болуп кеткендиктен жаңы министр Талантбек Батыралиев бейтапканалардын баарын текшерип чыкса, өлкө боюнча 453 бейтапканага генератор керек экен. Кийинки жылы бул мүчүлүштүктү жоюшкан. Ошондуктан бул окуянын жаман да, жакшы да жагы бар. 

— Бейтап жаткан боюнча операция столунан турбай, сактай албай калган учурларда кандай абалда болосуздар?

— Кечээ телеканалдардын биринен угарман "апабызга операция жасадыңыз эле, каза болуп калды. Мынча сом акча дагы төлөдүк эле" деп нааразычылыгын билдиргендей болду. Мен ошондой учурда каза болгон оорулуунун туугандарын түшүнөм. Бизде өлүм көрсөткүчү үч пайыз, бул демек жалпы операция болгондордун жүзүнөн үч-төртөө каза болот деген сөз. Каза болгондор өтүшүп кеткенде кайрылгандар болушу мүмкүн. Анан ошондой акыбалдан биз чыга албай калабыз. Жүрөк хирургу операцияга кирип баратканда дайыма бейтаптын жүрөгү аягында иштеп кетеби деген ишеним менен кирет. Жөн эле жасап коеюн деген учурлар болбойт. Албетте, оорулуунун операция столунан турбай калышы учурда хирург үчүн өтө чоң трагедия. Маркумдун туугандары, үй-бүлөсү үчүн айтып бүткүс кайгы экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мындай учурлар болот. Ошол оорулуу каза болгондо операциялык бөлүмдөн чыгып баратып "болду мен кирбейм, мындан кийин жасабайм" деп өзүмө сөз берем. Анткени абдан жаман акыбалга түшүп, өзүңдү күнөөлүү сезесиң. Эртең менен жумушка келсең, сени кайра эле көзүн жалдыратып отуздай киши күтүп турган болот. Айла жок, операцияларды баштайсың. Ар бир жоготууну ар башкача кабыл аласың. Өзгөчө кичинекей балдар учуп кеткенде аябай капаланам. Өлүм болтурбаганга аракет кылабыз. Бирок, колдон келбей калган учурлар болот. Кээде оорулуулар өтө оор акыбалда келгенде тагдырына көзүм жетет, анан тобокелге салып алгың келбейт. Мындайда оорулуу өзү жалдырап, жакындарынын макулдугусуз көзүнүн жашын агызып "билем, түшүнөм, өлүп калышым мүмкүн, бирок сизден суранам сиз берген үмүттү колдоноюн" дешет. Ошол себептен эгер бейтап каза болсо туугандары деле эмне деп сүйлөшкөнүбүздү билбей калышы мүмкүн. 

столичной больницы Калдарбек Абдраманов
© Фото / пресс-служба ЮРНЦССХ
Кардиохирург Калдарбек Абдраманов: жүрөк хирургу операцияга кирип баратканда дайыма бейтаптын жүрөгү аягында иштеп кетеби деген ишеним менен кирет. Жөн эле жасап коеюн деген учурлар болбойт. Албетте, оорулуунун операция столунан турбай калышы учурда хирург үчүн өтө чоң трагедия

— Бейтап жарым жан болуп келип, кийин жашап кеткен учурларын эстей кетсеңиз?

— Өзгөчө эки учур эсимден кетпейт. Эки жыл мурун кичинекей кыздын медициналык көрсөткүчтөрү боюнча операция жасаганга мүмкүн эмес болчу. Ата-энеси да ыйлап туруп алды. Операция жасагандан кийин үч ай ажал менен алышып, акыры биз жеңдик. Азыр сегизге чыкты, тыпылдап чуркап жүрөт. Чоңдор арасында да болот. 23 жаштагы кыз мага келгенге чейин үч жолу операция жасалыптыр. Жашап кетүүгө беш эле пайыз үмүтү бар болчу. Ал кызды көрүп "өзүң жасаткан бейтапканага барып көрсөңчү" десем, "баса албайм, боорум дагы шишип атат" деп ыйлап туруп алды. Кече жакында эле келип кетти. Буюрса, абалы жакшы. Мен ал кызды көргөндө ушул дүйнөдө жөн эле жашабаганымды сезем. Кардиохирург болуп келгеним туура болгон экен, жок дегенде эки-үч адамдын өмүрүн алып калдым деп калам. 

— Жүрөк оорусу жыл өткөн сайын жашарып баратат деп айтып калышат. Чындыгында мурда улуу муундар арасында жүрөк оорусу менен жабыркагандар болсо, азыр тескерисинче жаштар…

— Биринчиден, жүрөк ооруларын аныктоо ыкмасы, элдин аң-сезими өзгөрүлүп баратат. Мурда өтүшүп кеткенге чейин жүрө беришсе азыр көпчүлүгү келип көрүнүшөт, ден соолугуна көңүл бурушат. Ошондуктан оорулуулардын саны көбөйгөндөй сезилет. Экинчиден, чындап жаштар арасында жүрөк оорулар көбөйүп жатат. Көбү кабинеттерде иштеп, жеген тамак менен сарпталып жаткан энергиясынын пропорциясы бузулганда, оорулардын бардыгы келип чыгат. Алардын ичинен жүрөк оорулары, аз кыймылдагандан кант оорусу пайда болот. Азыр жаштардын кальян, насвай, чылым чегип жүргөндөрүн көргөндө таң калам. Биз бала кезде аксакалдар чекчү. Кийин совет доорунда такыр бөгөт коюлуп, адамдар сергек жашоонун нугуна түшкөн болчу. Азыр жаштар ошол нуктан ашып түшүп кетишти. Жүрөк оорунун башка да себептери бар. Биздин жаштар өтө эмоционалдуу. Сүйүүнү дагы, кайгыны дагы башкача кабыл алышат. Айтор, бирин-бири таарынтуулар, жүрөк оорутуулар көп болот. Саясатчыларды айтпай эле коеюн. Алар өздөрүн-өздөрү оорутушат. Бир кишинин жаман сөзүнөн элүү пайыз адамдын кан басымы көтөрүлөт. 

Главный кардиохирург страны, профессор, доктор медицинских наук Калдарбек Абдраманов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Калдарбек Абдраманов: биздин жаштар өтө эмоционалдуу. Сүйүүнү дагы, кайгыны дагы башкача кабыл алышат. Айтор, бирин-бири таарынтуулар, жүрөк оорутуулар көп болот

— Жүрөк ооруларын операциясыз жеңсе болобу?

— Жүрөк ооруларын профилактика менен болтурбай койсо болот. Ооруп калгандан кийинкиси — биздин жумуш. Ооругандан кийинки алгачкы этаптарда артына кайтарып жиберсе болот. Ал үчүн кээде дары-дармектин деле кереги жок. Маселен, гриппти дарысы жок эле, үйдө жылуу суу ичип, жылуу жатып, ысык жерде отуруп, таза абадан дем алып айыктырса болот. Бизге ооругандардын отуз пайыздайы эле келет. Азыр кардиология тармагында оорулардын отуз пайызын жүрөктүн тамырларын кеңейтип, чоң операциясыз айыктырса болот. Болбой калганда анан кардиохирургдар жүрөктү ачып, токтотуп алып оңдойбуз. 

— Жүрөктү алмаштыруу бизде да жүргүзүлөбү?

— Жүрөктү алмаштырып салган трансплантация деп айтылат. Мындай операцияларды экономиканын төмөндүгүнөн улам жасай албай келебиз. Орто Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаган Иса Ахунбаевдин мамлекетинде тилекке каршы, трансплантация өнүкпөй турат. Клапандарды алмаштырып, био же механикалык клапандарды салып жүрөбүз. Жүрөктүн тамыры ичкерип, жабылып калса бутунан тамырларды алып туруп чириген жеринен өткөрүп, боо жасап жүрөктөгү кан айланууну калыбына келтиребиз. Жүрөктүн иштөө ыргагы бузулганда аппарат коюп да жүрөбүз. 

— Жүрөккө операция жасатуу бир топ эле акчаны талап кылса керек?

— Мамлекеттик бейтапканаларда операциянын баасы 12 миң сомдон 195 миң сомго чейин болот. Бул бааны антимонополиялык комитеттен атайын прейскурант боюнча бекиткен. Ар кайсы фирманын материалына жараша баасы жылып турат. Бирок бул жеке менчик клиникаларга караганда он эсеге арзан. Болгон окуялардан айта кетейин. Бир аксакалга "сизге операция жасатып койбойлубу, келиңиз" десек, учурунда операцияга 85 миң сом таба албай кыйналган болчу. Анан каза болгондо туугандары 150 миңден ашык акчага көмүштү. Туугандары же өзү мурда эле чыгынып ошол акчага дарылатып албайт беле деп ыйлашты дагы, күлүштү дагы билбей калгам. 

Главный кардиохирург страны, профессор, доктор медицинских наук Калдарбек Абдраманов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Калдарбек Абдраманов: бир аксакалга "сизге операция жасатып койбойлубу, келиңиз" десек, учурунда операцияга 85 миң сом таба албай кыйналган болчу. Анан каза болгондо туугандары 150 миңден ашык акчага көмүштү

— Учурда сиз Кыргызстанда жүрөккө операция жасоо боюнча башкы хирургсуз. Он жыл Россиянын бейтапканасында иштегениңизди билебиз. Кайтып келгениңизге өкүнбөйсүзбү?

— Ал кезде он жыл жашагандарга жарандык автоматтык түрдө берилчү. Бирок мен студент кезде академик Иса Ахунбаевдин кылган иштери менен шыктанып, көлөкөсүн көрүп, элге кызмат кылам деген максат ойго сиңип калган. Ал жактан илимдин доктору болгондон кийин калып калсам деле болмок, азыр мүмкүн Россия илимпоздорунун мүчө-корреспонденти болуп калмакмын. Анда Кыргызстанда жүрөк хирургиясы боюнча профессор жок эле. Жетекчим Лео Антоновичке (Бокерия – ред.) кирип "элиме барбаганда каякка кызмат кылам, мен барышым керек" дедим. Түшүнүп мени жөнөтүшкөн. Келгеним туура эле болуптур, эч убакта өкүнбөйм. Бирок 2010-жылы апрель революциясынан кийин борбордо иштеп жүргөндө жумушумда жагымсыз окуялар болгон. Ошондо кайра кетип калайын деп ойлондум. Ал ортодо Жалал-Абадда институт ачылганда ошол жакка иштеп бериңиз деген сунуштар түшүп калып, төрт жылдан бери иштеп келем. 

— Демек, революция дагы медицинага таасирин тийгизген экен да?..

— Революция болгонго чейин алты жыл жетекчи болуп турдум. Ачыгын айтсам, Жалал-Абадга кеткенге мажбур болдум. Бул жактан трансплантация тармагын, дээрлик кардиохирургия тармагын эл аралык деңгээлде көтөрөбүз деген максат бар эле. Ал жактын кызыл китебин алып, бардыгын даярдап, 17 миллион долларга бааланган "Улуттук хирургия борбору" аталышындагы долбоор түзгөнбүз. Ошол ишке ашпай калды. Өткөн сайын бош жерди көрүп жүрөгүм ооруйт. Долбоор боюнча тик учактын аянтчасы да түзүлмөк. Анткени трансплантация тармагын өздөштүрүш үчүн бир жерден экинчи жерге керектүү органды республика ичинде эки сааттын ортосунда тик учак менен алып келмекпиз. Мен слайд жасап, доклад менен долбоорумду коргоп жатканда күлгөндөр болгон. Эгер ал ишке ашса Астанадагыдай жүрөктү өзүбүз алмаштырып калмакпыз. 

— Неберем деп калдыңыз. Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз, балдарыңыздан сиздин жолду жолдогондор болдубу?

— Бактыма жараша, бардыгы менин жолумду жолдоду. Хирургия тармагында үчөө тең ординатураны бүттү. Улуу кызым көрүнүктүү эле адис болуп калды. Булар кыз бала болгондуктан диагностика тармагында иштешет. Келиним, күйөө балдарым дагы жүрөк хирургия тармагында эмгектенип жатышат. Мен атайылап деле балдарымды менин жолума түшкүлө деп мажбурлаган жокмун. Алар кичинекей кезинен тарта бейтапканада жүрүп чоңоюшту. Ошонун таасири болсо керек. 

— Маектин соңунда окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Ден соолук негизги байлык деп айта бергенибиз менен маанисин көп түшүнө бербейбиз. Түшүнсөк дагы, көңүл бургубуз келбейт. Кардиолог катары бир эле нерсени каалайм. Башка оорулардан айыгып кетсе болот, жүрөк оорусу опурталдуу нерсе. Өкүнүчтүүсү кээде биз дагы жардам бере албай калабыз. Жүрөк — эң күчтүү, табышмактуу, татаал орган. Ошондой болсо да эң назик, сезимтал. Кааларым жүрөгүңөрдү аярлап, аны сактагыла, эч убакта жүрөгүңөр оорубасын!

Тема боюнча

Тез жардам кызматкери: "кызыңар үзүлүптүр" деп апасына айта албай койдум
Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
Белгилер:
доктор, маек, кардиолог, жүрөк, операция, медицина, Калдарбек Абдраманов

ЭҢ МААНИЛҮҮ