Чыңгыз Алканов: базардан жабыркагандардын дары-дармектерин алып берип жатабыз

© Sputnik / Рахат Саламатова"Алкан" базарынын вице-президенти Чыңгыз Алканов
Алкан базарынын вице-президенти Чыңгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жабыркагандар ооруканага түшкөндөн бери керектүү дары-дармектер алып берип жатабыз, аларга дагы операциялар жасалат. Бул тууралуу "Алкан" базарынын вице-президенти Чыңгыз Алканов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кырсыктан жабыркагандардын дары-дармектери үчүн азырынча 250 миң сомдун тегерегинде акча төлөдүк. Алардын абалы оор. Алдыда да операция болот, чыгымдардын баарын өзүбүз төлөйбүз. Башкысы, алар жакшы болуп кетиши", — деди Алканов.

Сабырбек Жумабеков: Алкан базарындагы кырсыктан жабыркагандардын абалы оор - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: "Алкан" базарындагы кырсыктан жабыркагандардын абалы оор
Ошондой эле, ал компенсация тууралуу жабыркагандар менен сүйлөшүп, чечишээрин белгиледи.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан ири "Дордой" соода-базар комплексинин аймагынын субъектилеринин бири болгон "Алкан" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0