Бишкек шаарынын 7-кичи районунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия пожара в здании церкви и в частной школе в Бишкеке
Последствия пожара в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, тилсиз жоо саат 10:44дө чектелген. Окуядан жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын 7-кичи районунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, саат 08:40 ӨКМге мектепте өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. 

"Тилсиз жоо 1800 чарчы метрди жалмады. Аны өчүрүү үчүн 9 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 17:16да өрт толугу менен өчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тилсиз жоо саат 10:44дө чектелген. Окуядан жабыркагандар жок.

Мектеп менен чиркөөдөгү өрттүн асмандагы көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0