БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирөөлөргө төрөп берген наристени бергиси келбей жүргөн карын-эне 26-ноябрь күнү баланы ата-энесине жеткирип берип, өзү Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу карын эне болгон Жамал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
"Байтааныш адамдарга карын эне болуп, уул төрөп бергениме эки ай болгон. Бирок, ошол убакыттан бери бала менде болчу. Алар сүйүнчү катары беребиз деген батирден баш тартып, баланы бергим келбей жаткан. Акыркы күндөрү жакшылап ойлонуп көрсөм, баланы ата-энесинен, бактылуу келечегинен ажыратууга менин укугум жок экен. Кечээ эртең менен баланы жеткирип бердим. Ата-энеси эмне кыларын билбей, ары-бери калдаңдашып, ыйлап ийишти. Мен дароо үйдөн чыгып кетип калдым. 15-20 мүнөттөн кийин күйөөсү телефон чалып, ыраазычылыгын билдирип, мага берем деген батирдин документтерин бир айдын ичинде даярдап берерин айтты", — деди Жамал.
Ошондой эле өзүнүн 2-класста окуган кызын туугандарына таштап, 27-ноябрда Казакстанга кеткенин айтты.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Sputnik Кыргызстан агенттиги бейтааныш адамдарга жалданып төрөп берген баланы бергиси келбей жүргөн карын эне жөнүндө жазган эле. Тараптардын сүйлөшүүсү боюнча баланын ата-энеси карын энеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир алып бермек.