Уста Шамшиевдин Индияга кеткен Өзгөн мунарасынын макети, АКШны аралаган кеселери

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөндүк жыгач уста Жылдызбек Шамшиев
Өзгөндүк жыгач уста Жылдызбек Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйырма жылдан ашуун кол өнөрчүлүк менен алектенген Оштогу уста байыркы кыргыздар колдонгон бардык буюм-тайымдарды жасоону өздөштүрүп алган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өзгөчө өнөр ээси Жылдызбек Шамшиев өзүнүн чакан устаканасында 20 жылдан бери жыгачтан, тамырлардан буюм жасап кыргыздын улуттук колориттеги буюм-тайымдарын жайылтууга салымын кошуп келет. 

Көптөгөн сыйлыктардын ээси, сынактардын жеңүүчүсү Жылдызбек Шамшиев бул өнөрдү кандайча аркалап калгандыгын жана табияттын, тамырлардын сырлары тууралуу аймактык кабарчы Зульфия Тургуновага айтып берди. 

"Талантым бар таанышым жок окууга өтпөй калгам"

Өзгөн районундагы Кызыл-Чарба айылында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Бала кезимде сүрөтчү болсом деп кыялданчумун. Бишкектеги Чуйков атындагы окуу жайдын дизайн бөлүмүнө тапшырып талантым бар, бирок, таанышым жок, окууга өтпөй кайра баса бердим. Жыгач устачылык боюнча атайын билимге ээ эмесмин. Бул өнөр мага атамдан өткөн. Атам Бурмаш Шамшиев жыгачтан ар кандай буюмдарды, кашык, чөмүчтөрдү жасачу. Ичтен оргуштап, жан дүйнөмө тынчтык бербей келген талантымды андан ары өркүндөтүү үчүн өз алдынча изденүүгө туура келди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУста Жылдызбек Шамшиев жыгачтан жасаган жылан
Уста Шамшиевдин Индияга кеткен Өзгөн мунарасынын макети, АКШны аралаган кеселери - Sputnik Кыргызстан
Уста Жылдызбек Шамшиев жыгачтан жасаган жылан

"Индиядан келген конокторго Өзгөндүн мунарасынын макетин жасап бердим"

Чүйдө алгачкы жолу кыргыздардын байыркы жаасы жасалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик уста алгачкы жолу кыргыздардын байыркы жаасын жасады
Жакында Казакстан, Индиядан келген конокторго Өзгөндүн мунарасынын макетин жасап бердим. Буюрса, өмүр өткүчөктү ушул кесипти аркалайм. Кыргыздын дасторконуна коюлуучу ар бир идиш, кашык, айрысына чейин жыгачтан болсо деп, ал буюмдарды топтоштуруп комплект кылуунун үстүндө иштеп жатам. Кыргыздын улуттук буюмдарын жайылтууга салым кошкум келет. Айрым кол өнөрчүлөр өмүр бою бир гана буюмду жасаса, мен ар түрдүү формадагы 47 буюмдун түрүн жасайм. Тай туяк, добулбас, комуз, көөкөр, шахмат деги койчу колдон көп нерсе келет.

"Ак талдын чыбыгынан жасалган отургучка кызыккандар көп"

Бул отургучту ак талдын чыбыгынан жасагам. Устат Валерий Монуйлев менен жакшы тааныш болуп Бишкектеги үйүндө бир ай акысыз иштедим. Отургуч ак талдын чыбыгынын ичиндеги жумшак бөлүгү алынып салынып, сырткы бөлүгүнөн жасалат. Талдын чыбыгынан көп нерсе жасаса болот. Табигый буюмдун адамдын ден-соолугуна да пайдасы чоң. Ошондуктан кызыккан жарандар көп. Көргөзмөлөргө коюп жүрөм, буюртма көп эле болот. Ак талдын чыбыгынан асма чырактарды, сувенирлерди жана башка буюмдарды жасаса болот. 

© Фото / Зульфия ТургуноваЖылдызбек Шамшиев: өз колум менен жасаган кыргыздын улуттук буюмдарын Америкада өткөн көргөзмөдө тааныштырып келдим. Огайо штатында, Нью-Йоркто, Вашингтондо бир ай болдум
Уста Шамшиевдин Индияга кеткен Өзгөн мунарасынын макети, АКШны аралаган кеселери - Sputnik Кыргызстан
Жылдызбек Шамшиев: өз колум менен жасаган кыргыздын улуттук буюмдарын Америкада өткөн көргөзмөдө тааныштырып келдим. Огайо штатында, Нью-Йоркто, Вашингтондо бир ай болдум

"Кыргыздын улуттук буюмдарын Америкада тааныштырып келдим"

Американын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан кол өнөрчүлөргө сынак уюштурулуп, 150 адам катышты. Маңдайыма жазылган экен, өз колум менен жасаган кыргыздын улуттук буюмдарын Америкада өткөн көргөзмөдө тааныштырып келдим. Огайо штатында, Нью-Йоркто, Вашингтондо бир ай болдум. Кыргыз кесесинин кантип жасалышын көрсөтүп, америкалыктарга белекке тартууладым. Алар тамырдан жасалган буюмдарыма көп кызыгышты. Тамыр бул табияттын жаратып койгон өзгөчө көрүнүшү. Америкада башка элдин кол өнөрчүлүгү боюнча да тажрыйба топтоп, жасаган буюмдарга лакты кандай берүү керек, кандай технология менен иштөө керектигин кошумча үйрөнүүгө жетиштим. 

"Добулбасты алгачкы жолу жасадым"

Ээр менен зер буюм жасоонун сырлары — 82 жаштагы карыянын колунан көөр төгүлгөн өнөрү
Буюртма түшүп, добулбасты жасоо үчүн эчкинин терисин пайдаландым. Музоонуку калың болуп калат экен. Эчкинин териси жука анан бышык болот, айрылбайт. Тазалап, керип жасадым. Кургагандан кийин сонун үн берди. 2005-жылы "XXI кылымдын интеллектуалдары" кароо сынагында республикалык деңгээлде I орунду ээлегем. Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарында комузчу, аккордеон, кол өнөрчүлөр үчүн уюштурулган "Тогуз кайрык" сынагында II орунду ээледим. Мындан сырткары да көптөгөн кароо сынактарга катышып келем. Сынактарда жетишкен ийгиликтер чыгармачылыгыма дем күч берип турат. 

"Ар бир жыгачтын өзүнүн сыры болот"

Жыгач катуу нерсе, иштөө оор. Ар бир жыгачтын өзүнүн сыры, текстурасы бар. Жаңгак жыгачынан чыккан текстура өзгөчө. Талдын чыбыгы жеңил, бышык болот. Жыгачтын катуусу да жумшагы да бар. Ага өзгөчө көз караш талап кылынат. Ошондо буюм жакшы чыгат. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары - Sputnik Кыргызстан
1/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
© Фото / Зульфия ТургуноваУста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары - Sputnik Кыргызстан
2/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
© Фото / Зульфия ТургуноваУста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары - Sputnik Кыргызстан
3/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
© Фото / Зульфия ТургуноваУста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары - Sputnik Кыргызстан
4/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
1/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
2/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
3/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары
4/4
Уста Жылдызбек Шамшиевдин жыгачтан жасаган буюмдары

"Окуучуларга тамыр менен иштегенди үйрөтүп жатам"

Өнөрдү өзүбүз менен кошо алып кетпей, кийинки муунга калтырышыбыз керек. "Алтын кол" ийриминде окуучуларга тамыр менен иштегенди үйрөтүп жатам. Аларды сайга алып түшүп кандай тамырды кантип тандоо керектигин, кол өнөрчүлүктүн сырын үйрөтөм. Окуучуларым Нарынга, Таласка барып 1-2-орундарды бербей келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0