АКШ менен Канадада ат ойноткон "Карахан": кыргыз каскадерлорго эч ким жетпейт

© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымАКШда эмгектенген кыргызстандык актер Досберген Козугулов
АКШда эмгектенген кыргызстандык актер Досберген Козугулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Досберген Козугулов 20 жылга чукул убакыттан бери Американы байырлап келет. Ал АКШдагы тарыхы бай цирк, дүйнөгө белгилүү шоу иш-чараларында эмгектенген. Азыркы тапта да кыргыз туусун желбирете ат үстүндө оюн куруп келет. Мындан тышкары, тасма талаасында да өзүн сынай баштады.

Океан аркасында ат ойноткон мекендешибиз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы маек курду.

— Биз билгенден "Саякбай" тасмасына тартылыпсыз…

— Жай айларына жакын Эрнест байке (ред.режиссер Эрнест Абдыжапаров) "Саякбай" тасмасы тууралуу айтып калды. Кыргызстанга барганда бир эпизодго тартылып кайттым. 

— Кимдин ролун жараттыңыз?

— Үркүн маалындагы кыргыз жигиттин бир аракети. Кичинекей эле эпизод.

— Башка тасмаларга тартылууга сунуштар түшкөн жокпу?

— "Шабдан баатыр" тасмасына кастинг өткөрүлгөн. Ага мен да катышканмын. Ошондо мени сүрөт, видеого тартып калышкан. Кийин башкы ролго бекигенимди угуп сүйүндүм. Бирок тасма тартылбай архивде калып кетти. 

© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымДосберген Козугулов: жашыраак кезде Америкадагы бир тасмада жоокердин ролун жараткам. Бирок саясий себептерден улам элге көрсөтүлгөн эмес. Ошондо тасмага түшүү татаал сезилген
Актер из Кыргызстана Досберген Козугулов - Sputnik Кыргызстан
Досберген Козугулов: жашыраак кезде Америкадагы бир тасмада жоокердин ролун жараткам. Бирок саясий себептерден улам элге көрсөтүлгөн эмес. Ошондо тасмага түшүү татаал сезилген

— Киного тартылуу кызык бекен?

— Жашыраак кезде Америкадагы бир тасмада жоокердин ролун жараткам. Бирок саясий себептерден улам элге көрсөтүлгөн эмес. Ошондо тасмага түшүү татаал сезилген. "Саякбайда" бир дубль жетиштүү болду. Биздин каскадерлорго баа бердим. Америкалыктар андай шарттарда иштебейт болчу. Атка салаңдап, кум, топурак тургай, ташка деле урунуп жүрөт. Алар тартылып бүткөндө санааркап улам барып акыбалдарын сурап жаттым.

— "Көчмөндөр оюндарына" күбө болуп кетипсиз, кандай таасир калтырды?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Жумушум жылкы жандыгына байланыштуу болгондуктан, мага бул оюндар абдан кызык. Биринчисине келүүгө үлгүрбөй калып, интернеттен көргөм. Бул жолкусунда эс алууну атайын ошол маалга тууралап бардык. Алган таасирди сөз менен жеткире албайм. Сыртта мындай иш-чараларды көп көрүп жүргөндүктөн, салыштыруу үчүн мисалдарга баймын. Анча-мынча гана мүчүлүштүктөр болбосо, абдан мыкты деңгээлде, эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Кыргызстанда туризм тармагы үчүн мындай иш-чара чоң өбөлгө. Өзгөчө, көк бөрү оюну алигиче көз алдымда турат.

— Бир топ жылдан бери ат үстүндө оюн салып жүргөн киши көрүүчүлүк менен чектелгиси келбесе керек…

— Көк бөрүгө аябай кызыгып калдым. Ал оюнга түшүп көргөн эмесмин, бирок катышса болчудай.

— Учурда эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?

— Эки жылдан бери жубайым экөөбүз өзүнчө топ ачып иштеп келе жатабыз. Америка, Канадада ренессанс фестивалдары өтүп турат. Ар бир штатта эски доорду чагылдырган сейил бактар менен аянтчалар бар. Дем алыш күндөрү шаар тургундары ал жайларга эски доордун элесинде жасанып келишет. Иштегендер да ошондой костюмдарды кийип илгеркидей кылыктары менен сүйлөп тосуп алышат. Эки жыл мурун чакырышкан, азыр ошол жерде оюн коебуз. 

— Баса, сиз оюн курган тасмада кыргыз туусун желбиретип чыгарыңызды байкадык…

— Бизче, эр сайыш десек болот. Уюштуруучулар: "түндүк Америкада сендей жоокерлер болгон эмес, өзүң тарапты чагылдырган бир образ менен өз тилиңде сүйлөп чыксаң болот" дешкен. Сахналаштырылган оюнда каймана ысымым – Карахан. Кадимкидей эле кыргызча сүйлөп чыгам. Көрүүчүлөргө жагат, кол чаап, коштоп турушат. Жубайым падышанын кызынын ролунда шоуну алпарат. Оюндан кийин көрүүчүлөр жерлигим боюнча көп сурашкандыктан, уюштуруучулар атайын орун беришкен. Чикагодогу кыргыз диаспорасынын түптөөчүлөрүнүн бири Акылтай Шерматов досубуздун көмөгү менен боз үй тигип, Кыргызстандан алып барган буюм-тайымдарды көргөзмөгө койгонбуз. Күнүнө 10 миң көрүүчү келет. Боз үйгө кызыккандар абдан көп болду. Оюндардан таанып калып, кийин социалдык тармактардан достук жөнөткөндөр арбыды. Алардын Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн кооз жерлерибиз боюнча видео, сүрөт маалыматтарды жиберип турам. 

— Ат үстүндө ойноп тиричилик кылгандар жылкынын этин жешеби?

— Кыргызстандагы тойлорго барганда ооз тийгеним болбосо, көп жебейм. Америка, Канадада жылкынын этин жегенибизге таң калышат. Бул жакта атургай, койдун эти да көп желбейт.

© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымКичинемде аттан коркуп, жанына жакын жолочу эмесмин. Бирок канда барбы, билбейм, каникулда чоң атабыздыкына барганда аттын тердигин жыттаганды жакшы көрчүмүн
Кичинемде аттан коркуп, жанына жакын жолочу эмесмин. Бирок канда барбы, билбейм, каникулда чоң атабыздыкына барганда аттын тердигин жыттаганды жакшы көрчүмүн - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кичинемде аттан коркуп, жанына жакын жолочу эмесмин. Бирок канда барбы, билбейм, каникулда чоң атабыздыкына барганда аттын тердигин жыттаганды жакшы көрчүмүн
© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымДүйнөгө аты чыккан актер Стивен Сигал менен
Дүйнөгө аты чыккан актер Стивен Сигал менен - Sputnik Кыргызстан
2/4
Дүйнөгө аты чыккан актер Стивен Сигал менен
© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымЖигитовка боюнча эр жетип калганда агамдан угуп, көрүп, үйрөндүм. Кийин шарты чыгып, Америкага чакырылдым. Бул иш менен алектенгениме келерки жылы 20 жыл толот
Жигитовка боюнча эр жетип калганда агамдан угуп, көрүп, үйрөндүм. Кийин шарты чыгып, Америкага чакырылдым. Бул иш менен алектенгениме келерки жылы 20 жыл толот - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жигитовка боюнча эр жетип калганда агамдан угуп, көрүп, үйрөндүм. Кийин шарты чыгып, Америкага чакырылдым. Бул иш менен алектенгениме келерки жылы 20 жыл толот
© Фото / предоставлено Досбергеном КозугуловымОкуучу кыздарыбыз бар. Негедир, жигиттер көп кызыкпайт. Окуучу кыздардын арасында таанылып, аты чыгып калгандар бар.
Окуучу кыздарыбыз бар. Негедир, жигиттер көп кызыкпайт. Окуучу кыздардын арасында таанылып, аты чыгып калгандар бар. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Окуучу кыздарыбыз бар. Негедир, жигиттер көп кызыкпайт. Окуучу кыздардын арасында таанылып, аты чыгып калгандар бар.
1/4
Кичинемде аттан коркуп, жанына жакын жолочу эмесмин. Бирок канда барбы, билбейм, каникулда чоң атабыздыкына барганда аттын тердигин жыттаганды жакшы көрчүмүн
2/4
Дүйнөгө аты чыккан актер Стивен Сигал менен
3/4
Жигитовка боюнча эр жетип калганда агамдан угуп, көрүп, үйрөндүм. Кийин шарты чыгып, Америкага чакырылдым. Бул иш менен алектенгениме келерки жылы 20 жыл толот
4/4
Окуучу кыздарыбыз бар. Негедир, жигиттер көп кызыкпайт. Окуучу кыздардын арасында таанылып, аты чыгып калгандар бар.

— Бул өнөрдү кандайча өздөштүрүп калдыңыз?

— Кичинемде аттан коркчумун. Себеби, бир классташымды ат тепкен экен. Аны көрүп чочулап калгамбы, атка жолочу да эмесмин. Бирок канда барбы, билбейм, каникулда чоң атабыздыкына барганда аттын тердигин жыттаганды жакшы көрчүмүн. Корксом да жылкы баласы сындуу, сүрдүү, кооз сезилчү. Он жашымдан тарта атка мине баштагам, ал эми жигитовка боюнча эр жетип калганда агамдан угуп, көрүп, үйрөндүм. Кийин шарты чыгып, Америкага чакырылдым. Бул иш менен алектенгениме келерки жылы 20 жыл толот. Алгач, Түндүк Америка боюнча эң ири циркте иштедим, андан кийин дүйнөдө аттар менен болгон шоулардын эң алдыңкы сабындагы "Кавалия шоуда" эмгектендим. Анда жылкынын жаралышы, адам менен болгон байланышын чагылдырган мыкты деңгээлдеги шоу көрсөтүлөт. Чабандестин эмес, ал шоуда жылкынын ролу алдыңкы планга чыгат.

— Эмнеге ал топто ишти улантпадыңыз?

— 10 жылдай "Кавалиянын" курамында жүрдүм. Бирок бир жерде иштей берсең, өнүкпөй да калат экенсиң. Ошондуктан үйлөнгөн соң өз алдынча кетүүнү чечтим.

— Жеңебиз башка улуттан экен…

АКШдагы такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда зуулдата такси айдаган кыргыз кызы — Кайыргүл
— Ушул өнөрдүн аркасы менен табышканбыз. Ысмы – Александра Лав Козугулова, апасы америкалык, атасы Канададан. Аяна аттуу чүрпөбүз бар. Мекенге шарт боло калса эле каттап, улам ар башка тарабына саякаттап турабыз.

— Азыр топто канча киши?

— Жубайым экөөбүз, анан канадалык окуучу кыздарыбыз бар. Негедир, жигиттер көп кызыкпайт. Окуучу кыздардын арасында таанылып, аты чыгып калгандар бар.

— Кыргыз улан-кыздардан шакирттикке кайрылса, кабыл алынабы?

— Эшигибиз ачык. Кызыккандар болсо үйрөтөбүз. Буюрса, оюнду Кыргызстанда да коюп каларбыз…

— Катуу ооруксунтуп алган учурлар көппү?

— Бул иш менен алектенүү үчүн дайым машыгып туруу керек. Хореография да зарыл. Жаракаттарды алдын алуу үчүн ар бир номерди кылдат иштеп чыгабыз. Бир ирет шеригим секирип келип, ийниме олтурмак. Буту тайып кетип, моюнум бир айча ооруп жүрдү. Кудай сактасын, андан кийин катуу ооруксунган жокмун.

— Бул ишти дагы канча аркалайсыз?

— Устатым – агам Райышбек Камбаров алтымыштан ашып калды. Азыр Түркияда цирк менен гастролдоп жүрөт. Кудай ден соолук берсе, мен дагы 50-60ка чыккыча ат үстүндө секирем (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0