Кыргызстанда эртең 15 градус суук болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эртең кар жаабай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. 

Кар алдындагы Бишкектин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Кар алдындагы Бишкектин асмандан көрүнүшү
Бишкекте түнкүсүн 15, күндүз 5 градус суук болот. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 7, күндүз 3 градус суук болушу күтүлөт. 

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275 чакырымдары жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолундагы 65-90 чакырымдары, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт 

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0