БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кардын калың жаашынан улам, "Манас" аэропорту ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда учуп-конуу тилкесин кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
"Аэропорт бүгүн, 20-ноябрда саат 08:00дөн 14:00гө чейин ишин токтотту. Учурда аба ырайына байланыштуу сегиз учак учпай турат. Алар Ош, Москва, Стамбул, Дели, Душанбе, Үрүмчү каттамы менен кетмек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Бишкекке келип жаткан учактардын айрымдары кошумча аэродромдон конуп жатышса, калган каттамдар токтотулууда.
Республиканын калган аймагындагы аэропорттор ишин улантууда.