БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына электр жарыгы берилгенин ӨКМ билдирди.
Эске салсак, 17-ноябрда Алайкуу өрөөнүнө (бул өрөөнгө Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактары кирет) бир метрден ашык кар түшкөн.
ӨКМ билдиргендей, калың кардан улам төмөнкү айылдарда электр жарыгы жок калган: Алайкуу айыл аймагындагы Көгарт, Сай-Талаа, Кан-Коргон айылдары, Кызыл-Жар айыл аймагындагы Кызыл-Жар, Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Чычырканак, Кайынды-Талаа айылдары, Ой-Тал айыл аймагындагы Ой-Тал жана Кондук айылдары.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Куштарбек Абыловдун айтымында, 75 чакырымындагы 360 куб метр кар күрткү тазаланды. Андан сырткары, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автожолунун 75 чакырымынан 80 чакырымына чейинки аралыгында тазалоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча ӨКМдин ыкчам штабы түзүлүп, аны өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жетектөөдө.