Кара-Кулжа акиминин орун басары: калың кардан бир катар үйлөрдүн үстү түшүп калган

© Фото / Сатыбалды КыдырмышевКара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн
Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айыл аймактарына бир метрден ашык кар жааган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн. Райондун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов Sputnik Кыргызстан агенттигине калың кардын кесепетин жоюу боюнча учурда кандай иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө — Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айыл аймактарына бир метрден ашык кар түшкөнүн ӨКМ билдирген.

Кара-Кулжа акиминин орун басары: калың кардан бир катар үйлөрдүн үстү түшүп калган

"Алайкуу аймагына кеткен жогорку чыңалуудагы линиялар үзүлгөн. Азыр "Ошэлектродон" адистер келип, үзүлгөн зымдарды издеп жатышат. Кардын калыңдыгы 1,2 — 1,5 метрге чейин жетет. Эртең мененки саат алтыда бардык кызматтарга социалдык объектилердин чатырындагы карды күрөө боюнча тапшырма бердик", — деди ал.

Мажитов ошондой эле турак-жайлардын, сарайдын үстү түшүп кеткен учурлар бар экенин билдирди. 

© Фото / Сатыбалды КыдырмышевКара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн
Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн
© Фото / Сатыбалды КыдырмышевРайондун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов Sputnik Кыргызстан агенттигине калың кардын кесепетин жоюу боюнча учурда кандай иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди
Райондун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов Sputnik Кыргызстан агенттигине калың кардын кесепетин жоюу боюнча учурда кандай иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
2/4
Райондун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов Sputnik Кыргызстан агенттигине калың кардын кесепетин жоюу боюнча учурда кандай иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди
© Фото / Сатыбалды КыдырмышевАлайкуу аймагына кеткен жогорку чыңалуудагы линиялар үзүлгөн. Азыр "Ошэлектродон" адистер келип, үзүлгөн зымдарды издеп жатышат
Алайкуу аймагына кеткен жогорку чыңалуудагы линиялар үзүлгөн. Азыр Ошэлектродон адистер келип, үзүлгөн зымдарды издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алайкуу аймагына кеткен жогорку чыңалуудагы линиялар үзүлгөн. Азыр "Ошэлектродон" адистер келип, үзүлгөн зымдарды издеп жатышат
© Фото / Сатыбалды КыдырмышевКардын калыңдыгы 1,2 — 1,5 метрге чейин жетет.
Кардын калыңдыгы 1,2 — 1,5 метрге чейин жетет. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кардын калыңдыгы 1,2 — 1,5 метрге чейин жетет.
1/4
Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн
2/4
Райондун акиминин биринчи орун басары Бекболот Мажитов Sputnik Кыргызстан агенттигине калың кардын кесепетин жоюу боюнча учурда кандай иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып берди
3/4
Алайкуу аймагына кеткен жогорку чыңалуудагы линиялар үзүлгөн. Азыр "Ошэлектродон" адистер келип, үзүлгөн зымдарды издеп жатышат
4/4
Кардын калыңдыгы 1,2 — 1,5 метрге чейин жетет.

Райондо түзүлгөн абал боюнча өкмөткө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат берилген. ӨКМ түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын техника бөлүп берилерин айткан.

"ӨКМ эмне техника берет, ал качан келет деп күтүп жатабыз. Транспорт министрлигине караштуу жолдор тазаланып жатат. Жолдун басымдуу бөлүгү туман болгондуктан тазалоо иштери маал-маалы менен жүрүүдө. Андан сырткары уюлдук байланыш жакшы болбой жатат. Балким, үзүлгөн зымдары уланса, байланыш болуп калса дагы маалыматтар берилет", — деди Мажитов.

Акимдин биринчи орун басары калың кар жааган айылдардагы мектептерде сабактар бүгүн болбогонун белгиледи. Ошондой эле эл үчүн оор маселелердин бири жайыттарда, жайлоодо калган мал-жандык экенин айтты. Себеби ал боюнча азыр эч кандай маалымат жок.

Айыл элинин абалы кандай?

Ал эми Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагындагы Көгарт айылынын тургуну, ардагер Сатыбалды Кыдырмышев эл бир-бирине жардам берип жатканын билдирди.

Сатыбалды Кыдырмышев: Кара-Кулжада кар себелеп жаап жатат

"Жергиликтүү тургундарга азырынча эч кандай жардам бериле элек. Биз борбордон 120 чакырым алыс жайгашканбыз. Айыл округунун карамагында "Нива" машинасынан башка техника жок. Азыр эл өзүнө-өзү жардам берип жатат. Көгартка жааган кардын калыңдыгы 1,2 метрге жетти. Кар бир сутканын ичинде өтө тездик менен жаап койгондуктан эл бир аз апкаарый түштү", — деди Кыдырмышев.

Снегопад в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке чыныгы кыш келди, ак карга оронгон шаар
Айыл тургуну ошондой эле кар азыркыга чейин себелеп жаап жатканын кошумчалап, бир сутканын ичинде эле бир метрден ашып кеткенин айтты.

"Кечинде 45 сантиметрдей жааган, аларды күрөп коюп жатканбыз. Эртең менен турсак, эшиктер ачылбай калыптыр. Түнү менен дагы 50-60 сантиметрдей түшүптүр. Азыр дагы кар себелеп жаап жатат. Күн бүркөк. Кечээтен баштап жарык жок", — деди ал.

Кыдырмышев айылдыктар түшкү саат экиден кийин бири-бири менен катташа баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0