БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жан таслим кыла турганын Twitter баракчасында жазып, өзүн Муслим деп атаган жаранды УКМК издеп жатат. Аталган факты боюнча тергөө иштери башталганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Twitter баракчасына жарыялаган бул билдирүүсүнө бир катар маалымат агенттиктери менен телеканалдарды белгилеген.
Ал Twitter баракчасына ушул жылдын 12-ноябрында катталган. Геотегде Сирияда көрсөтүлүп турат.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков октябрь айынын ортосунда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сын-пикирлер көзөмөлгө алынарын айткан.
"Биз терс айтылган пикирлерди иликтеп, кийинки тергөө үчүн Башкы прокуратурага беребиз", — деди ал
Анын айтымында, президент, флаг жана гимн мамлекеттик символ катары сыпатталат.