Мамлекеттик саясат, этика боюнча семинардан өткөн имамдар сертификат алышты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китеби жана тесме. Архив
Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу курсунда Куран, хадис, фикх жана кыргыз маданияты тууралуу да сабактар өтүлдү.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. ОшМУнун Теология факултетинде уюштурулган алты күндүк семинар жыйынтыкталып, Ош облусунун райондорунан келген 135 имамга сертификат тапшырылганын муфтият билдирди.

Куран китебин окуп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ошто имамдар билимин жогорулатып жатат
Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду тарабынан "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында уюштурулду. 

Сертификат тапшыруу аземине муфтият өкүлдөрү катышып, ОшМУнун теология факультети тарабынан которулган китептер ар бир имамга белекке берилди. 

Окуу курсунун программасына ылайык, имамдарга Куран, хадис жана фикх, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, акыйда, пайгамбарлар тарыхы, Ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, иш кагаздарын жүргүзүү сабактары окутулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0