Сузакта 10 жашар баланы зордуктап жүргөн имам жети жылга кесилди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жылга чукул 10 жашар баланы зордуктап жүргөн Сузактагы мечиттин имамы жети жылга эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Сузактагы мечиттин 58 жаштагы имамы 10 жашар жеткинчекти зордуктап жүргөндүгү аныкталып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Сузак РИИБдин начальниги Нурбек Жаныбеков билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүндөгү мечиттин 58 жаштагы имамы бачабаздыкка шектелип кармалган. Ал 2013-жылдан бери мечиттин имамы болуп келет. Аялы менен балдары бар. 

"Сузак РИИБдин тергөө тобу бардык далилдерди жана күбөлөрдү чогултту. Июль айында дайындалган экспертизанын жыйынтыктары чыкты. Анын негизинде август айында сот жүрдү. Натыйжада айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды", — деп билдирди Жаныбеков.

Ал белгилегендей, жабыркаган бала дарыгерлер менен психологдордун көзөмөлүнө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0