Ош: 86 жаштагы карыя беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет

© Фото / Зульфия Тургунова86-летний аксакал Ражап Абдыкааров, который 5 лет живет в гараже в городе Ош
86-летний аксакал Ражап Абдыкааров, который 5 лет живет в гараже в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында гаражда жашап жаткан аксакал кезегинде эки уул, үч кызды тарбиялап, бутуна тургузуптур. Азыр токсонго таяп калган карыя алар өз алдынча кетип, катышпай калганын айтты. Жергиликтүү бийлик кол кабыш кылса деп телефон номерин берди.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет. Балдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан интернатты эстеткен карылар үйүнө барууга ниети жок.

Аксакал учурда эки таяктын жардамы менен басат. Былтыр 12-октябрда маршруттук каттамдын унаасы коюп кетип, жамбаш сөөгү сынган. 

"Айдоочу бала качып кеткен жок. Ооруканага алып барып, карады, операция жасашты. Ооруканадан чыккандан кийин айдоочу жигиттин үйүндө эки ай болдум. "Гараж үйүмө жеткирип кой" деп сурандым. Себеби, анын үй-бүлөсүнө ашыкча түйшүк болууну каалабадым. Учурда эки таяктын жардамы менен басам, операциядан кийин ушинтип калдым", — деди Абдыкааров. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет.
Ош шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ош шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет.
© Фото / Зульфия ТургуноваБалдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан интернатты эстеткен карылар үйүнө барууга ниети жок.
Балдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан интернатты эстеткен карылар үйүнө барууга ниети жок. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Балдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан интернатты эстеткен карылар үйүнө барууга ниети жок.
© Фото / Зульфия ТургуноваАксакал учурда эки таяктын жардамы менен басат.
Аксакал учурда эки таяктын жардамы менен басат. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Аксакал учурда эки таяктын жардамы менен басат.
© Фото / Зульфия ТургуноваБылтыр 12-октябрда маршруттук каттамдын унаасы коюп кетип, жамбаш сөөгү сынган.
Былтыр 12-октябрда маршруттук каттамдын унаасы коюп кетип, жамбаш сөөгү сынган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Былтыр 12-октябрда маршруттук каттамдын унаасы коюп кетип, жамбаш сөөгү сынган.
1/4
Ош шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери гаражда күн кечирип келет.
2/4
Балдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан интернатты эстеткен карылар үйүнө барууга ниети жок.
3/4
Аксакал учурда эки таяктын жардамы менен басат.
4/4
Былтыр 12-октябрда маршруттук каттамдын унаасы коюп кетип, жамбаш сөөгү сынган.

Өзүнүн баласынан таяк жеп көчөдө калган эненин муңу - Sputnik Кыргызстан
Өзүнүн баласынан таяк жеп көчөдө калган эненин муңу
Ражап аксакал баш калкалап турган гаражды мындан беш жыл мурда сатып алганын, кезегинде башкалардай эле түтүн булатып, беш баланы бутуна тургузганын айтып берди. 

"Тагдырдын буйругу менен үчүнчү жолу беш балалуу жесир аялга үйлөндүм. Балдардын баарын — эки уул, үч кызды бутуна тургузуп, үйлөп турмушка узаттык. Бир уулубуз кырсыктан каза болуп калган соң аялым күйүттөн аны артынан кете берди. Ал каза болгон соң уул, кыздардын баары өз алдынча кетип, катышпай калышты. Өгөй бала боор бербейт экен. Ушинтип тагдырдын жазганына моюн сунуп, отурам" — деди ал.

Тажикстандан тартып келген тагдыр

Ражап аксакал Тажикстандын Мургаб районундагы Ыраң-Көл айылында туулуп, ымыркай дүйнөгө келери менен, энеси төрөттөн каза болот. Ал ажал бир туугандарын, кийин атасын, чоң ата, чоң энесин алып, төрт жашында томолой жетим калганын айтып отурду.

"Сегиздеги кезимде өгөй энем болуп кеткен аял Мургабдагы балдар үйүнө өткөрүп берип, 15 жашка чыкканча балдар үйүндө тарбияландым. Андан соң 1945-жылы 8-классты аяктап, Тажикстандын Душанбе шаарындагы Автожол техникумуна тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктадым"— деп эскерди балалыгын биздин маектеш.

Аксакал Кыргызстанга келип, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунда жол куруу тармагында жөнөкөй жумушчу катары эмгек жолун баштап, кийинчерээк инженер жол куруучу, жетекчилик кызматтарда иштеген. 1967-жылдары Ош эл аралык аэропортунда радиотелеграфист, авиамоторист, кийин Чоң-Алай районунда аэропорт ачылып, ал жакта да авиамоторист катары эмгектенгенин айтып берди.

Поэзия менен алектенип "Ыраң-Көл" деген аталышта ырлар жыйнагын эки жыл мурда басып чыгарыптыр.

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Биз менен маегинде карылар үйүнө баргысы келбегендигин, ал жер балдар үйүн элестетип турарын айтты

"Карылар үйүнө баргым жок, балдар үйү көңүлүмө көк таштай тийгендиктен, гараж болсо да ушул жерде баш калкалап келем. Кышкысын аябай суук болот. Мешке көмүр жагып кыштан чыгам. Эгерде тиешелүү жетекчилерге үнүм жетсе, калаадан бир аз шарты бар бир бөлмөлүү батирге жардам беришсе жакшы болмок…", — деди Абдыкааров.

Ал унаа кырсыгына кабылып, операция болгондон кийин дагы эле өз алдынча баса албагандыктан учурда шаардык ооруканалардын биринде дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0