БИШКЕК, 27-окт.— Sputnik. "Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү жети күндөн бери муздак имаратта отурушат. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.
Имаратта жылуулук жоктугун жана ал авариялык себептерден улам өчүп калганын Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов тастыктады.
Тез жардам кызматкерлеринин айтымында, имаратка кетчү жылуулук өткөргөн түтүк жарылган.
"Ар кандай чакырыктарга шашкан муздак унааларда үшүгөнүбүз аз келгенсип, эс алуучу бөлмөлөрдө да тоңуп жатабыз. Имаратта калың курткалар менен жүрөбүз. Жылыткычтарды сайсак, электрөткөргүчтөр көтөрө албай жатат. Ал тургай чай жылытканга да мүмкүнчүлүк жок", — деди дарыгерлер.
Башкы дарыгер чогулушта түтүктү оңдоого 800 миң сом керектигин айтып кызматкерлерге түшүндүргөн.
"Албетте, мындай суммадагы акча "Тез жардамда" жок. Бардык тармактарга кайрылып жатабыз. Бирок биздин көйгөйүбүздү чечип берүүгө эч ким акча бөлгөн жок", — дешти кызматкерлер.
Ошондой эле алар Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан №1 подстанцияда да жылуулук бериле электигин айтышты. Мындан улам "Тез жардамда" иштегендер жумуштарын токтотуп митингге чыгууну ойлонушууда.
"Тез жардам" Бишкек мэриясынан жана Саламаттык сактоо министрлигинен тез аранын ичинде маселени чечип беришин суранууда.