Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелер такталат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧек арадагы тосмо. Архив
Чек арадагы тосмо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Икрамов кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелердин бир катары мурдагы өлкө башчы Ислам Каримовдун маалында такталганын белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелердин 80 пайызы толук такталып, бир чечим чыгарын Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адахам Икрамов Ош шаарына болгон достук жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады. 

Икрамов кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелердин бир катары мурдагы өлкө башчы Ислам Каримовдун маалында такталганын белгилеп өткөн. 

"Калган талаштуу тилкелерди тактоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтары жана Тышкы иштер министрликтери иш алып барышууда. Буюрса жакынкы күндөрү талаштуу тилкелердин 80 пайызын толук тактап чыгабыз", — деп белгиледи Икрамов. 

Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер дагы жөнгө салынарын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0