Ошто кыз талашып бычакташкан эки окуучу сурак берип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековК гибели лицеиста привела очередная подростковая драка в Бишкеке.
К гибели лицеиста привела очередная подростковая драка в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Киров жана Бөкөнбаев мектебинин жогорку классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен мушташып, биринин бутуна бычак сайылган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ошто кыз талашып бычакташа кеткен эки окуучу сурак берип жатканын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди. 

Анын айтымында, күбө катары дагы 12 окуучу суракка чакырылган.

"Окуяга карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эки окуучунун айыбы аныкталса жоопкерчиликке тартылат", — деп ырастады Сыдыков. 

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Киров жана Бөкөнбаев мектебинин жогорку классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен мушташып, биринин бутуна бычак сайылган. Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда кылмышка шектүү өспүрүм менен жабыр тарткан бала кыз талаша кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0