Министрлик: "Коопсуз мектеп" менен 2024-жылга чейин бардык мектептер жаңыланат

Жазылуу
Билим берүү министрлиги "Коопсуз мектеп" программасы жакшы жыйынтыктарды берип жатканын айтты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Билим берүү министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде мектеп имараттарына анализ жүргүзүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган министрлик "Коопсуз мектеп" программасы жакшы жыйынтыктарды берип жатканын айтты.

"Өткөн жылдан тарта 70 авариялык мектепте окуган окуучулар жаңы имаратка көчтү. Жыл аягына чейин Архитектура жана курулуш агенттиги 80ден кем эмес жаңы мектепти бүтүрүүгө аракет кылып жатат. Кошумча 98 мектеп оңдоодон өткөн. Үнөмдөлгөн каражатка жыл аягына чейин 28 мектеп капиталдык ремонттон өтөт. Бул мектептерде макулдашылган долбоор менен ремонт иштери жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми билим берүү жана илим министри Элвира Сариева программа эки жылда жакшы жыйынтык бергенин, эгер ушул темп 2024-жылга чейин сакталса, бардык мектептер менен бала бакчалардын имараты жаңылана турганын белгиледи.

Министр ошондой эле өкмөт тарабынан тартылган бюджеттик жана башка каражат пландалган 16 мектептин курулушуна салына турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0