Бишкектин "Тазалыгы" кышка даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба коммунальщиков с весенним снегом
Борьба коммунальщиков с весенним снегом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даяр экендигин мэриядан кабарлашты.

Учурда ишкананын базасында 3100 тонна кум менен 450 тонна техникалык туз бар. 

"Калаа көчөлөрүн кардан тазалоого техника толугу менен даяр", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат. 

Даттанууларды төмөнкү байланыш номерлерине билдирүүгө болот: 

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;
  • Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — 0558 336 640;
  • Марат Матмусаев (Свердлов району) — 0555 447 154.
Жаңылыктар түрмөгү
0