Бишкектин бир катар бөлүктөрү убактылуу газсыз калат

© Фото / Ярослав МальцевГазивикация шести жилых массивов Бишкека
Газивикация шести жилых массивов Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө газ берүү токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда калаанын айрым бөлүктөрүндө газ бир күндөн төрт күнгө чейин берилбейт.

"Көгүлтүр от Сыдыков көчөсүндө 24-25 аралыгында өчүрүлөт. 25-26-октябрь аралыгында ЧЧК, Сүйүнбаев жана Кара-Жыгач токоюнда токтотулса, 26-27-октябрда Токмок, Кузнечный жана Жеңиш проспектисинде газ берилбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 24-28-октябрда Жаш Гвардия бульварында, Москва, Логвиненко, Токтогул, Ибраимов жана Лев Толстой көчөлөрүндө көгүлтүр от берүү токтотулат. 

Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0