Акылбек Жапаров, Жанар Акаев, Жийдеш, Мирбек… Белгилүүлөр кантип эс алат?

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экрандан же интернеттен көргөн кыргызстандык белгилүү адамдарды коомдук жайларда анчейин көп жолуктура бербейбиз. Алар кайда барып, бош убактыларын кандай өткөрөт деген суроо туулат. Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын жашоо образынан баштап ырчы, режиссёр, чыгармачыл адамдардын бош убактысына чейин сураштырып көрдү.

Аларга "күйөрмандар менен жолугуп калсаңыз, кандай кабыл аласыз?" деген суроону кошко узаттык.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Кенжебек Бокоев
Депутат Кенжебек Бокоев - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Кенжебек Бокоев

Кенжебек Бокоев — ЖК депутаты

Пользователь Instagram со смартфоном - Sputnik Кыргызстан
КРдеги Instagram тармагынын эң популярдуу 10 колдонуучусу
— Чынында иштерим абдан көп. Иш күнүм саат 8.30да башталып, көп учурда кечки саат 7лерде аяктайт. Жогорку Кеңеште сессия, комитеттер болгон күндөрү иш күнүм саат канчада бүтөрүн так айта албайм. Иштен чыгып алып дагы иштер боюнча жолугушуулар болот. Менден жардам сурап кайрылган жарандардын маселелерин чечүү үчүн жумуштан сырткары дагы иштегенге туура келет.

Ден соолугумду чың алып жүрүү үчүн жок дегенде жумасына 2-3 жолу бассейнде сууда сүзөм. Кээде жолугушууларга барганда кафелерде жабык жерлеринде отуруп баарлашам. Ошондуктан эл мени көп көрө бербесе керек. Негизи кафеге деле барганга убакыт жок, той-аштар болгондо, албетте, тууган-тушкандан четте калбай катышканга аракет кылам.

Ал эми дем алыш күндөрү кепканы баса кийип мал базарды, унаа базарды кыдырам. Адистигим боюнча фермермин, зоотехникмин. Жекшемби күндөрү мал базарга барып койдун, кочкордун асыл тукумдарын издейм, тапсам дароо сатып алып багам. Ошондой эле Таласта үч жылдан бери бак тигип келем. Алма, өрүк, алмуруттун түрлөрү бар. Балдарымды дагы ушундай эмгекке үйрөтүп келем.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Мирлан Бакиров
Депутат Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Мирлан Бакиров

Мирлан Бакиров — ЖК депутаты

— Менин иш убактым саат эртең менен саат 8.30да башталып кечки 7де бүтөт. Сессия кеч аяктаса, андан да кеч чыгабыз. Иш күнү аяктаган соң үйгө барып тамактанып алып жумасына үч жолу фракциянын депутаттары, катчылыктын кызматкерлери менен футбол ойнойм. Кечки саат 8ден 10го чейин "Динамо" аянтчасында болобуз. Жакшылыктарда, тууган-тушкан, достор чакырганда эле барганым болбосо кафе, ресторандарда жүрүүгө убакыт жок. Түштө Жогорку Кеңештин ашканасынан тамактанам.

Дем алыш күндөрү балдарым менен сейил бактарга чыгууга аракет кылам. 1-класста окуган кызымды "Ата Түрк", "Фламинго" парктарына алып барып эс алдырып келем.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Жанар Акаев
Журналисты Кыргызстана в лицах - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Жанар Акаев

Жанар Акаев — ЖК депутаты

Кыргыз республикасынын желеги - Sputnik Кыргызстан
Жаштар ишеничти актайбы же жарга такайбы: азыркынын кыйын жаштары кимдер?
— Жумуштан кийин саат 7лерде чыксам, иштен кийин дагы ар кандай маселелер боюнча жолугушууларга барып калам. Жолугушам дегендер көп да, кээ бир адамдар маселесин айтат, айрымдары иш боюнча, айрымдары менен көптөн бери учураша элек болсом, алар менен кезигүүгө барам. Эгер иштер менен олуттуу темаларды талкуулаганы барсам, кафенин жабык жерлерине отуруп баарлашам. Мындай жөн гана отурганда ачык эле эл менен эл болуп отурам.

Бош убакыт болуп калса достор менен футбол ойнойм, үй-бүлөм менен шаар сыртына чыгып эс алабыз. Мени таанып-билген замандаштар менен коомдук жайларда жолугуп калганда ар кандай болот. Кээ бирлери сын айтат, айрымдары жакшы сөз айтат, сүрөткө түшүп кетишет. Албетте, жарандар менен дайым байланышта болуп алар менен баарлашкан мени кубандырат. Депутаттар үчүн элдин көйгөйүн билип туруу маанилүү да.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Акылбек Жапаров
Интервью депутата Жогорку Кенеша Акылбека Жапарова  - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров — ЖК депутаты

— Мен акыркы учурларда Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырууну, фото аңчылыкка чыгууну жактырып калдым. Биринчи автоунаа, кийин ат менен, азыр жөө басканга көнүп алдым. Кыргызстандын булуң-бурчунун жарымын кыдырып бүттүм окшойт. Азыркы мезгилдерде дем алыш күндөр болсо эле башка облустарга атайын топ менен кетебиз. Айына эки жолу барууга аракет кылабыз.

Үйдө болгондо неберелерим келет, алар менен сейил бактарга, соода борборлорундагы жана башка эс алуу жайларына барабыз. Ошондой эл, кээде адамдар менен жолугушуу үчүн кофейняларда баарлашам. Эл мени көрүп-таанып калса, кубануу менен кабыл алып, жылуу учурашып, каалоочулар менен сүрөткө түшөм.

© Фото / пресс-служба Министерства сельского хозяйстваКР Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев
Заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан
КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев

Жаныбек Керималиев — КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары 

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Каракол россиялыктар үчүн мыкты тоо лыжа курортторунун катарына кирди
— Бош убактым өтө аз. Иш, илим менен алектенем. Чынында дем алыш күндөрүм тез эле өтүп кетет. Кафе жана ушул сыяктуу жайларга барганга деле убакыт жок. Иш боюнча жолугушуунун баарын иш бөлмөмдө өткөрөм. Ал эми тааныш-катыштарга көп убакыт бөлө албагандыктан, алар мага дайыма эле таарынып жүрүшөт. Айла жок экен. Мамлекеттик иштин жоопкерчилиги дагы чоң. 

Ал эми балдарым менен ишемби, жекшемби күндөрү шаар сыртындагы үйүмө барып, майда-барат иштер менен алектенем. Аларды такай эс алдырып турам десем калп айткан болом. Мурда волейбол оюнун абдан жакшы көрчүмүн, азыр жок дегенде жумасына эки жолу ойноп калсам кубанам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова  - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Жийдеш Идирисова

Жийдеш Идирисова — ырчы

— Бизде дем алыш деген жок. Тескерисинче, ошл күндөрү тойлорго барып ырдайбыз. Жумуш кечинде башталат. Күндүз деле эс алууга убакыт жок. Бий тобум бар, аны менен күн сайын даярданабыз. Ырлардын үстүнөн иштейбиз, клип тарттырабыз. Чынында алдын-ала эмне кыларыбызды айта албайбыз. 

Ойлоп көрсөм, үй-бүлөбүз менен кечинде бирге чогулуп тамактанып, баарлашканыбыз мен үчүн эс алуу экен. Ал эми баскан-турган жерлерди айтсам, эл катары эле биз дагы коомдук жайларда жүрөбүз. Күйөрмандарым таанып калса "сүрөткө түшөлү" дейт, жакшы кабыл алам, элден качпайм, жылуу учурашып, кол тамгамды берип, сүрөткө түшүп коем. Жөнөкөй эле ашканаларда түштөнгөндү жактырам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Мирбек Атабеков
Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Мирбек Атабеков

Мирбек Атабеков — ырчы

Белогор шаркыратмасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы Кыргызстанга саякаттоонун 10 себебин жазды
— Ырчылардын жумушу адамдар эс алып жаткан жерде эмеспи. Өзгөчө күз мезгилинде эс алганга убакыт өтө аз. Мен үчүн үйдө отуруп, телевизор көргөн — эс алуу. Анан тоого, шаардын сыртына чыкканда кадимкидей эс алам. Кээде эл катары коомдук мончолорго барганды жактырам. 

Үй-бүлөм менен ресторандарга, тойлорго, шеринелерге барам. Мурда жаңы белгилүү боло баштаганда элден тартына берчүмүн. Азыр баарына көндүм. Кадимкидей эле эл катары дүкөндөргө барып азык-түлүк алып, эл жүргөн жерде басып жүрөм. Күйөрмандарым кол тамга сурап, сүрөткө түшүүнү каалашса, баш тартпайм. Аларды сыйлайм. Өнөр адамдары элдин адамы дегендей, алардын көңүлүн оорутпаганга аракет кылам.

© Фото / Индира Кабатай кызыДиктор Айнура Кабатай кызы
Телеведущая, диктор телеканала НТС Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Диктор Айнура Кабатай кызы

Айнура Кабатай кызы — диктор

— Чынында иштен кийин бош убактым жокко эсе. Бош убакыт табылып калса театрга, классикалык концерттерге барууга аракет кылам. Китеп окуйм. 

Акыркы учурларда жакын санаалаштарым менен шаардын бир бурчундагы жакшы кофейняларды тандап алып ошол жерде баарлашабыз. Маданият, коом, адабият жаатында сөз козгоп, ой бөлүшөбүз. Арабызда акындар дагы бар, жаңы чыгармаларына күбө болобуз. Сиңдим менен Эркиндик бульвары жана Түштүк дарбазада сейилдейм. Мени замандаштарым таанып калса, жакшы пикирлерин айтып, сүрөткө түшүп кетишет. Бардыгын жакшы ниет, маанай менен кабыл алам.

© Фото / предоставлено Кенже ДуйшеевойЫрчы Кенже Дүйшеева
Кыргызстанская певица Кенже Дуйшеева - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кенже Дүйшеева

Кенже Дүйшеева — ырчы

— Мен сыртта көп иш менен көп жүргөндөн уламбы, бош убактымды көбүнчө үй-бүлө менен өткөрүүнү жактырам. Үйдө тамак жасап, кызыма көңүл буруп, үйдөгү иштерим менен алектенем. Эл бар жерде дайым бармын. "Сүрөткө түшүп, селфи кылып, автограф алсак болобу" деп кайрылгандарды кубануу менен кабыл алам, баш тартпайм. Өнөр чөйрөсүндө жүргөн адамбыз. Бул нерсени четке какпай сүрөткө түшүп коем. 

Ал эми үй-бүлөм менен жаратылышка чыгууга көбүрөөк аракет кылабыз. Кызым 5ке толду, жомок айтып берип, чогуу сүрөт тартып, ага көңүл буруу менин бош убактымдын жакшы учурлары. 

© Фото / Медиастар ПродакшнКинорежиссер Сүйүн Откеев
Кинорежиссер Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Кинорежиссер Сүйүн Откеев

Сүйүн Откеев — кинорежиссер

Көл жээгиндеги кыз, Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз ачып-жумганча өтүп кеткен жай! Бир ирмемге токтой турчу!
— Бош убакыт жокко эсе. Жумуш-жумуш деп эле жүрөбүз. Бир аз гана бош убакыт тапсам, кыздарым менен сейил бакка, соода үйлөрүнө барам. Кыздарымды бала бакчага алып барып жатканда "дем алыш күндөрү бул жака барабыз" деп атайын кызыктырып коем. Сөзгө туруу үчүн аларды дем алыш күндөрү каалаган жерине алып барам. Тилекке каршы, шаарда өтө көп деле вариант жок. Соода борборлорундагы эс алуучу жана оюн жайларына, сейилбактарга алып барам.

Өзүмдү белгилүүмүн деп деле айтпайм. Кадр артында жүргөн адаммын. Социалдык тармактарда көрүп, билип жүргөн досторум мени реалдуу жашоодо көрүп калышса жылуу учурашып калышат. Келинчегим жанымда болгондо алдыман чыккандар менен учурашып калсам "сенин жаныңда жасанып жүрүш керек экен" деп тамашалап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0