00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ башчысы: Дүйшөбаева менен Абасовдун иши боюнча жыл аягына чейин жыйынтык болот

Жазылуу
Мындан эки жыл мурун коомдо чоң талкуу жараткан эки адам өлтүрүү болгон. 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иш азыркыга чейин ачыла элек. Кикбоксер Руслан Абасов өлтүрүлгөн. Анын машинасы Токмок шаарындагы кичи райондордун биринде жардырылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Камила Дүйшөбаева менен Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы жыл аягына чейин чыгарын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

"Тергөө иштери жүрүп жатат, жыл аягына чейин жыйынтык болот деп ишенем", — деди министр.

2014-жылы 10-мартта сырдуу жагдайда 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Коомдо катуу талкууга алынган бул окуянын чоо-жайы азыркыга чейин ачыла элек. Мурдагы министр Мелис Турганбаев бул иш толук иликтенерин билдирген болчу.

Ал эми ошол эле жылы 27-мартта Токмок шаарынын кичи райондорунун биринде кикбоксер Руслан Абасовдун машинасы жардырылган. Спортчу ооруканага алып бараткан жолдо үзүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча аны уюштургандар аныкталып, иш сотко берилет.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров 19 жаштагы Дүйшөбаеванын ишинин тергелиши боюнча маалымат берди.

"Кайтадан түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Айрым жагдайлар боюнча иш алып барылбай калган учурлар бар", — деди министрдин орун басары.

Ал жыл аягына чейин тергөөнүн жыйынтыгы чыгып, шектүү кишилер жоопко тартылат деген үмүт бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0