Дерматолог: бүбү-бакшыны бейтаптар биздин кесиптеш деп ойлошуптур

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу Кундузбек Тургунбеков маек учурунда
Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу Кундузбек Тургунбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анча жактыра бербеген адамды көргөндө "аллергиям" кармайт деп калабыз. Бул нерсенин медициналык себептери бар экенин билчү белеңиз? Аллергия, экзема, безетки тукум кууса, айрымдары жугуштуу экенинен кабарыңыз бар беле? Айчырайлуу жүзүңүздө так калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Журналист Гүлдана Талантбекова Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу Кундузбек Тургунбековдон учурдагы көп кездешкен тери ооруларынын себептерин жана алардан арылуунун жолдорун сураштырып көрдү. 

— Кесибиңизге байланыштуу күнүмдүк жашоодо деле адамдын терисинен кемчилик издей берсеңиз керек?

— Азыр вотсап менен жазган адат таап алышты. Жеке мага кат жазып атышат го деп карай калсаң, медицина боюнча болот. Мындайча айтканда күнү-түнү иштейбиз. Азыр тери оорулары көбөйүп жатпайбы. 

— Көбүнчө теринин кайсы оорусу менен кайрылышат? 

— Тери ооруланын ири тобу бул — аллергия. Аллергия грек тилинен которгондо "жийиркеничүү абал" дегенди түшүндүрөт. Адамдын өмүрүндө жок дегенде бир жолу козголот. Алар эндогендик жана экзогендик болуп эки түргө бөлүнөт. Тактап айтканда, экзогендик — бул сырттан таасир эткен ар кандай заттар. Эндогендик — тамак-аш аркылуу таасир берген адамдын ичиндеги оорулар. Аллергия мөөнөтү боюнча тез жана жай реакция берүүчү болуп түшүндүрүлөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКундузбек Тургунбеков: учурда аллергиянын баары тамак-аштан болуп жатат. Себеби жашоо шарт ушундай. Үйдөн тамак жасаганга убакыт жок. Анан түрдүү тамактануучу жайлардан алып жейбиз, газдалган суусундуктарды ичебиз
Дерматолог-венеролог республиканской кож-венерологии Кундузбек Тургунбеков - Sputnik Кыргызстан
Кундузбек Тургунбеков: учурда аллергиянын баары тамак-аштан болуп жатат. Себеби жашоо шарт ушундай. Үйдөн тамак жасаганга убакыт жок. Анан түрдүү тамактануучу жайлардан алып жейбиз, газдалган суусундуктарды ичебиз

Бат пайда аллергия — бөрү жатыш. Тери катмарынын үстүндө чоң кызыл шишик пайда болуп, кайра жоголуп кете берет. Кээ бар адамдар косметика колдонгондо же башка фирманыкына алмаштырганда дароо кармай турчу аллергияга айланат. 

Учурда аллергиянын баары тамак-аштан болуп жатат. Себеби жашоо шарт ушундай. Үйдөн тамак жасаганга убакыт жок. Анан түрдүү тамактануучу жайлардан алып жейбиз, газдалган суусундуктарды ичебиз. Ал жакта көбүнчө кошумча даам берүүчү химикалык заттар кездешери маалым. 

— Аллергияга улай суроо узатайын. Ар бир адам ар кандай сезондо жабыркайт экен. Тукум куучулук касиетке да ээ деп айтышат. Арылуунун эффективдүү жолдорун айта кетсеңиз?

Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
— Илгери аллергия тукум кууган оору болуп саналчу. Азыр медиктер 21-кылым аллергиянын кылымы деп айтып жатышат. Себеби тамак-аш, кийим, буюм-тайымдарды тандоо мүмкүнчүлүгү чоң. Эгерде баланын ата-энеси экөө тең аллергик болсо баласына 50 пайыз таасир берет, бирөө эле жабыркаса 30 пайыз таасир тийгизет. Албетте, ар бир аллергиктин өз сезону болот. Себеби кээ бир өсүмдүктөр күзүндө чаңчасын чыгарат же атмосфералык басым өзгөрөт. Биздин өлкөдө аба-ырайы кескин өзгөрүп тургандыктан, температуралык аллергия менен кайрылгандар бар. Бирок баарын дарыласа болот. Тукум куучулук касиетке ээ болгондор дарылаганга болбосо, коргонуп жүрүүгө туура келет. 

— Аллергиктерге дары-дармектер канчалык деңгээлде жардам бере алат же дайыма коргонуп жүрүшү керекпи?

— Аллергияны пайда кылуучу каражаттардан коргонуп жүргөнү деле туура. Ар бир адамды индивидуалдуу карап чыгыш керек. Эгер абалы курчуп, өзүн жаман сезип жатса сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылсын. Терисине чыкса дерматологго, чүчкүрүп-бышкырып, көздөн жаш чыкса аллергологго барат. Бизге бейтаптар келгенде алгач эмне жегенин, каякка басып-турганын сурап, анан диагнозун аныктай баштайбыз. 

— Адамдар бири-бирине жакпаганда жагымсыз сезимдер пайда болот. Аны күнүмдүк жашоодо "тигини көрсөм аллергиям кармайт" деп калабыз. Айтылгандардын сиздин кесипке байланышы барбы?

— Бул көбүнчө экзема менен жабыркаган адамдарда болуучу көрүнүш. Мисалы, сиздин гүлдөн аллергияңыз бар деп коелу. Сиз дайыма андан алыс жүргөнгө аракет жасайсыз. Адамдар дагы бири-бири менен ошондой мамиледе болушат. Бетине айта албай, ичине катып жүрө бергенде ооруй баштайт. Баары нервге барып такалып жатпайбы. Анан экзема колго же бутка чыгат. Экзема теринин үстүңкү бетине кургак жана катмарланып чыгат. Ичинде сары суусу болот. Башкача айтканда, ичтен жийиркенгенде сыртка чыгат. Азыр жашоо-шартка байланыштуу адамдар ызакор окшойбуз. 

— Экзема деги тукум куубайбы?

— Тукум кууйт. Азыр медиктер экзема жалпы аллергиялык ооруга киреби же өзүнчө оорубу деген талаш маселенин үстүндө жүрөт. 

— Ички аппараттардын оорусу да билинбейт, денеңдеги бүдүр-ала, чаарала тери оору кимге болбосун жагымсыз. "Мен айыгып кете аламбы" деген суроосу медицина кызматкерлерине дайым берилет. Сизден да көп сурашса керек?

— Албетте, ал турулуу нерсе. Бул теринин өнөкөт оорусу деп айтканга батына албайбыз. Себеби адамдын үмүтүн үзбөш керек. Эгерде оору жаңы башталып келе жатканда келсе, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. "Плацебо эффектиси" деген түшүнүк бар. Мында бейтап жылуу сөзгө ишенип эле 40-50 пайызга айыгып кетет. Эң биринчи диетадан баштайбыз. Илгери окумуштуу, улуу дарыгер Авиценна "миңдин 999 оорусун" диета менен дарылап коем деп айткан. Бул азыркы күнгө чейин актуалдуу. Анан уга билген адамда үмүт көп болот. Оорусун чаташтырып эки-үч жылдап табып, молдолорго барып жүргөндөр бар. 

— Дуба окутуп жүргөндөрбү?

Марафончулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат
— Эми дубаны деле четке какпайм. Бирок алар дуба окуткан үчүн 40-50 миңден алып жатышпайбы? Бул туура эмес деп ойлойм. Андайларды парамедиктер деп коюшат. Пара деген сөз "жанында" дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда медицинага жабышып алгандар. Бейтаптардын айтуусу боюнча бир бүбү-бакшы кемпир ага кайрылгандарды бизге анализ тапшырууга жиберип, жыйынтыгына жараша өзү дарылайт экен. Мындайча айтканда, бизге жиберип өздөрүнө пайда алышат экен. Анан бейтаптар алар биздин кесиптеш го деп ойлойт экен. Дарыласа мейли, эң башкысы адам жакшы болуп кетсин. Бирок алардын колдонгон дарылары, ыкмалары илимий жактан эч кандай тастыкталган эмес да. Кайрылгандар ушул жагын дагы эске алып коюшса жакшы болор эле. 

— Учурда көп кездешип жаткан безетки оорусу тууралуу сүйлөшсөк. Анын келип чыгуу себептерин чаташтырып жүргөндөр бар?

— Безетки — бул кадимки без. Маселен май бези деп коелу, анан адам тердегенде тер аралаш өзүнчө май чыгат. Теринин ичиндеги май менен тери аралаш майдын составы көбүрөөк болуп калса, сыртка чыга албай коюуланып кетет. Ошол жерде без шиший баштайт. Кызарып, дөмпөйүп анан безеткиге айланат. 

Аялдарга тийиштүү кызыл безетки деген болот. Бул бетти майда кызартып, анан кычыштырат. Муну менен көбүнчө элеттеги айымдар жабыркайт. Бул боор же өттөн көйгөй жаралганда болот. Майлуу эт-аш, куурулаган тамактарды жегендин кесепети. Эркектерде да кызыл безетки кездешет. Бирок аз санда.

— Бул өспүрүмдөргө жана айымдардын этек кири келген убакта дагы чыгып жүрөт?

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
— Өспүрүмдөр жетилип баштаганда гормондор бөлүнүп эркекке же аялга айлана баштайт. Эркектерге тестостерон, аялдарга эстрадиол гормону бөлүнөт. Мындан тестостерон безеткинин көп чыгышын шарттайт. Бул нормалдуу процесс. Биз гармонго тийүүгө акыбыз жок! Эгер тукум куучулук болсо дарылаганга туура келет. Айымдардын менструалдык безеткиси деле ошондой. Тестостеронун карап туруп эндокринолог-гинегологго жиберебиз. Бизде жаңы пайда болгон адис. Безеткинин бир жаман жери так калтырат. Андан да чыгуу жолу бар — косметологго барса болот. 

— Косметологдор агартып, тазартып сырткы катмарын эле дарылап жүрүшөт. Сиз айтып өткөндөй теринин оорусу ички аппараттарга байланыштуу болуп калышы ыктымал да?

— Бейтап дерматолог-косметологго кайрылышы керек. Эки айлык косметологдун окуусун окуп алып, мен дерматологмун дегендер бар. Алар кандайдыр бир заттарды сүйкөгөндө беттин сырткы катмары түшө баштайт. Ошондуктан бейтап дерматологдун кеңешинен кийин косметологго барса туура болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековКундузбек Тургунбеков: эки айлык косметологдун окуусун окуп алып, мен дерматологмун дегендер бар. Алар кандайдыр бир заттарды сүйкөгөндө беттин сырткы катмары түшө баштайт. Ошондуктан бейтап дерматологдун кеңешинен кийин косметологго барса туура болот
Дерматолог-венеролог республиканской кож-венерологии Кундузбек Тургунбеков - Sputnik Кыргызстан
Кундузбек Тургунбеков: эки айлык косметологдун окуусун окуп алып, мен дерматологмун дегендер бар. Алар кандайдыр бир заттарды сүйкөгөндө беттин сырткы катмары түшө баштайт. Ошондуктан бейтап дерматологдун кеңешинен кийин косметологго барса туура болот

— Чакалай менен чоңдор дагы жабыркашабы? Дегеним, көбүнчө кичинекей чыт курсактардын бетинен эле көрүп калам. 

— Кургак чакалай балдарга витамин жетишпегенде, иммунитет төмөндөгөндө чыгат. Чоңдорго кабырчыктуу чакалай чыгат. Ал чыканак менен тизеде овал түрүндө болот. Жанды койбой кычыштырып, соо жериңди тырмасаң кайра жаңысы чыга берет. Медицинада чакалайды таптакыр жок кылуунун ыкмасы табыла элек. Батыш өлкөлөрүндө 10-20 жылда табылышы мүмкүн деп айтышат. 

— Колтукта жана моюн жактардан майда эт өсүндүлөрүн көрүп калабыз. Аны ширеңке менен күйгүзүп, пинцет менен жулуп коюшат экен?

— Паппиломма — бул вирустук сөөл. Майда эт өсүндүлөр бутакча түрүндө денеде болот. Булардын коркунучу жок. Мурун хирургдар пинцет менен эле кесип коюшчу. Азыр жакшы ыкмасы — суюк азот. Ал жеке клиникаларда болот. Таякчага бинтти ороп, азотко малып туруп денеге тийгизгенде төрт беш күндөн кийин карайып түшүп калат. Косметикалык жактан так калтырбаган ыкма. Лазер менен дагы күйгүзүшөт. Бирок мында так калат. Менин мойнумда бар. Көп деле маани бербейм. Алар эл көзүндөгү адамдар үчүн өтө маанилүү. Бизге мындай көйгөй менен артисттер кайрылып калышат. Тери ооруларынын түрлөрү абдан көп. Биз орчундуу жана актуалдууларынын келип чыгуу, дарылоо жолдору тууралуу кеп кылдык. Бейтаптарга убагында келип, дарыгердин айтканын моюндаңыздар демекчимин.

Жаңылыктар түрмөгү
0