АКШдагы бороондон жабыркагандар арасында КР жарандарынын бар-жогу такталууда

© REUTERS / Carlo AllegriМайами шаары. Архивдик сүрөт
Майами шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бороон АКШ штатынын көптөгөн тургундарын электр жарыгы жок калтырды. Учурда өзгөчө кырдаал абалы Жоржия менен Каролина штатына киргизилди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШнын Флорида штатындагы бороондон жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Япониядагы тайфундан улам чыккан толкундар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы "Чаба" 300 рейсти токтотту
"Мэтью" деп аталган бороон 30 миңден ашык кишини электр жарыгы жок калтырганын РИА Новости билдирди. Аталган бороон акыркы он жылда аймакта катталган эң чоң бороон болуп саналат. Анын айынын Гаитиде 340 киши каза болду.

АКШнын президенти Барак Обама, федералдык бийлик өкүлдөрү адам өмүрүнө кооптулук жараткан бороон-чапкын тууралуу эскертүү берип, кооптуу аймактардан кишилерди чыгып кетүүгө чакырды. Флорида, Түштүк Каролина, Жоржия штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жергиликтүү бийлик 2 миллион кишини коопсуз жайга алып чыгууга чакырды. Анын ичинде Флориданын Жэксонвилл шаары да бар (калкынын саны миллиондон ашык).

Жаңылыктар түрмөгү
0