Ошто жоголуп кеткен эки жаштагы кыз табылды

Жазылуу
Аял кызынын жоголгонун кечинде гана байкаган. Милиция кызматкерлери өз убагында тапкандыктан, наристе жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" шаардык милиция бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери жоголуп кеткен эки жашар кызды табышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, укук коргоо орган өкүлдөрү кечки саат алтылар чамасында көчөдө жалгыз эле жүргөн эки жашар кыз табышкан. Ата-энесин көпкө күтүп, алар келбегенден кийин кызды балдар үйүнө алып барышкан. Кыздын жоголгону тууралуу билдирүү түндө келип түшкөн. Апасы кызын өз алдынча издеп, жыйынтык болбогондон кийин гана милицияга кайрылган.

"Кийин аныкталгандай аял Ошко Кара-Суу районунан келген. Эки баласы менен жашайт, күйөөсү чет жакта иштейт. Ошол күнү ал жети жаштагы баласы менен кызын үйүнө таштап, саат экилер чамасында базардан азык-түлүк алып келүү үчүн кеткен. Баласы уктап калгандыктан наристе эшикке чыгып кеткен", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.

Аял кызынын жоголгонун кечинде гана байкаган. Милиция кызматкерлери аял менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Кызды милиция кызматкерлери маалында тапкандыктан ал көчөдө калып үшүгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0