Бишкек шаарынын борборунда жай тургун кайтадан жол кыймылын тескеди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы келгени менен жол кыймылды тескеген кишини таппай калган.

27-сентябрда кечинде Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жай тургун жол кыймылын жөнгө салганын окурман WhatsApp-канал аркылуу жиберди. 

Анын айтымында, окуя саат 21.00дөр чамасында болгон. Аталган көчөлөрүнүн кесилишинде светофор иштебей калган.

Автомашина марки Audi наехала на двух пешеходов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки жөө жүргүнчүнү унаа коюп кетти
Бишкек ШИИБдин кайгуул милициясынын башкармалыгына жол чырактын иштебей калганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген экипаж жол көзөмөлүн тескеген кишини тапкан эмес. Милиция кызматкерлери тыгынды жөнгө салган.

Жай тургундар жол кыймылын жөнгө салган биринчи учур эмес. Июль айында Чыңгыз Айтматов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде тез татымда иштеген бала дагы жол кыймылын тескеген. Бул аракети үчүн ал милиция тарабынан кармалып, бирок айып салынган эмес.

Ушундай эле окуя Сухэ-Батор менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде да катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0