Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 15 чакырымы жасалып бүттү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архивдик сүрөтү
Жол оңдоо иштери. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда каттамдын 15 чакырымы жасалып бүттү. Беш көпүрө реконструкцияланып, Чатбазар айылындагы Калба көпүрөсү салынууда.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 75-105-чакырымдары жасалып жатат. 

Долбоордун менеджери Мехмет Авурдун айтымында, көрсөтүлгөн чакырымдардын аралыгы 30 чакырымга барабар.

"Жолдун чыдамдуулугун бекемдеш үчүн асфальттын алдына атайын аралашма төшөлүүдө. Мындай катмар буга чейин башка жолдорго коюлган эмес", — деп белгиледи Авур. 

Учурда каттамдын 15 чакырымы жасалып бүттү. Беш көпүрө реконструкцияланып, Чатбазар айылындагы Калба көпүрөсү салынууда. 

Асфальттын калыңдыгы 12 сантиметр болсо, аралашманын калыңдыгы 10 сантиметрге жетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0