Баткен облусунун жетекчиси чек ара тозотторунун курулушу менен таанышты

© Фото / пресс-служба полпредства Баткенской области при правительстве КРӨкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев чек арадагы кырдаал жана жана чек ара тозотторунун абалы менен жеринен таанышты
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев чек арадагы кырдаал жана жана чек ара тозотторунун абалы менен жеринен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлү биринчи иретте суу, жол, электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине артыкчылык берүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев чек арадагы кырдаал жана жана чек ара тозотторунун абалы менен жеринен таанышканын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Ал Баткен районундагы Чоң-Кара айылындагы 2015-жылы башталган чек ара тозотунун курулушун көрдү. 

"Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан объектинин жалпы сметалык баасы 52 миллион сомду түзөт. Бул тозот ушул жылдын аягына колдонууга берилүүсү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, облус жетекчиси Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү аракеттери менен таанышкан.

Ак-Турпак айыл аймагында өкмөттүн колдоосу менен Түрк грантынын эсебинен бүгүнкү күндө 3,5 миң гектар жер аянты өздөштүрүлүп жатат. 

Облус жетекчиси биринчи иретте суу, жол, электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине артыкчылык берүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0