Кыргызстан — Филиппин беттешүүсүнөн улам Бишкекте көчөлөр жабылат

© Sputnik / Таалай ОроскуловДорожный знак "Въезд запрещен". Архивное фото
Дорожный знак Въезд запрещен. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Филиппиндин футболчулары беттешет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан менен Филиппин командаларынын ортосундагы футболдук беттешүүдөн улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла турганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын маалында Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 17.00дөн 22.00гө чейин жабык болот.

Ал эми жолдоштук беттешүү бүгүн, 6-сентябрь күнү саат 20.30да башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0