Көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү: акындардын айтышы, салбурун, көк бөрү жана күрөш

Жазылуу
Экинчи күндүн жыйынтыгы менен спорттун төрт түрү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, Россия биринчиликте келе жатат.

ЧОЛПОН-АТА, 6-сен. — Sputnik. Ошентип кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү жыйынтыкталды. 

Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Салбурун фестивалындагы ар улуттун аңчылык өнөрү
Таң эрте "Кырчын" жайлоосунда оюн-зооктор коштолгон концерттик программа башталса, Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы курулган ден соолукту чыңдоочу комплексте гореш, гюлеш боюнча мелдештертер уланды. Ал эми ат майданда көк бөрүнүн тайпалык оюндары болсо, "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында ордо, "Аврора" пансионатында тогуз коргол боюнча спортчулар күч сынашты.

Саат 11:00дө Кырчында 15 мамлекеттин спортчулары катышкан "Салбурун" фестивалы спортчулардын парады менен башталды. Алгач федерация президенти Алмаз Акун сөз сүйлөп, аксакалдардын бири бата берди.

Бүркүт салуу боюнча биринчи орунду кыргызстандык Алмаз Сагынбаев ээлесе, экинчи орунду мекендешибиз Чынгыз Дыйканов, ал эми үчүнчү орунду казакстандык Жалгыз Акимбеков алды. Далба ойнотуудан байгелүү орундарды жалаң гана кыргызстандык спортчулар ээлешти. Мирлан Калилов биринчи орун ээлесе, Нурсейит Бейшебаев экинчи, Ринат Масалбеков үчүнчүлүктү алды.

Көк бөрүнүн тайпалык оюндарында Кытай командасы АКШны 20:4 эсебинде утса, Казакстан Россиядын келген команданы 15:2 эсебинде жеңди. Мындан сырткары кыргызстандык улакчылар Башкыртстандын оюнчуларын 26:5 менен утту.

Кырчындагы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндардагы театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Guardian Көчмөндөр оюну жөнүндө: Чыңгызхан тирүү болсо, бул жерге сөзсүз келмек
Ал эми саат 15:00дө Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак акындарынын айтышы уланды. Финалдын жыйынтыкталышы менен ак таңдай акын Азамат Болгонбаев жана казак акыны Мухтар Ниязовдор гран-прини утуп, ар бири 300 миң сом менен сыйланды. Биринчи орунга Болот Назаров менен Жаркынбек Наушанбеков татып, 150 миң сомдон алышса, экинчи орунду Амантай Кутманалиев менен Нурмат Мансуров алып, 100 миң сомдон байгеге ээ болушту. Ал эми үчүнчү орунга Асылбек Маратов менен Дидар Калиевдер татып, 80 миң сомдон алышты.

Ден соолукту чыңдоочу комплексте азер күрөшү өтүп, 50 килограмм салмактык категорияда кыргызстандык балбан Бердибек Кадырбек уулу жана 70 килограмм салмактык категорияда Бекжан Токтобаев күмүш тагынышты. Ал эми 90 килограммдык салмакта Дөөлөтбек уулу Жандарбек жана 90 килограммдан жогору салмакта Амил Жоробековдор колого ээ болушту.

Түркмөн күрөшү боюнча (гореш) Камолиддин Абдурахимов күмүш тагынса, алтынды түркмөн балбаны Режепалы Орозалиев илип кетти. Коло медалды болсо ирандык Мохаммади Абдолвахед жана россиялык Дмитрий Балянов утту.

Экинчи күндүн жыйынтыгы боюнча тизме:

 

  1. Россия — 10 алтын, 2 күмүш, 4 коло;
  2. Азербайжан — 4 алтын, 4 күмүш, 5 коло; 
  3. Казакстан — 4 алтын, 3 күмүш, 3 коло;
  4. Грузия — 2 алтын, 1 коло; 
  5. Иран — 2 алтын, 4 коло;
  6. Кыргызстан — 1 алтын, 5 күмүш, 12 коло; 
  7. Түркмөнстан — 1 алтын, 3 коло;
  8. Өзбекстан — 2 күмүш, 4 коло;
  9. Армения — 2 күмүш, 1 коло;
  10. АКШ — 2 кмүш, 1 коло;
  11. Украина — 1 күмүш, 3 коло;
  12. Польша — 1 күмүш, 1 коло;
  13. Латвия менен Монголия экиден коло утса, Венгрия, Норвегия, Литва, Тажикстан бирден колого ээ болушту. Калган өлкөлөрдүн спортчуларына ийгилик жылмая элек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0