КЫРЧЫН, 6-сен. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну Базаргүл Мамырова жасап келген 15 килограммдык нан 2 миң сомго сатылды.
Наабайчынын айтымында, буга окшогон дагы үч нан калды. Алардын баасы да 2 миң сом деп бааланууда. Аталган нандардын салмагы 15 килограмм, диаметри бир метрге жетет.
II дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.