Зоб, коклюш, киста, грыжа — оорулардын кыргызча аталышын билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукананын кызматкерлери. Архив
Оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору сыркоодон Кудай өзү сактасын дечи… Ошентсе да дарттардын кыргызча аталышын билип коюу ашыктык кылбаса керек. Аталыштарды кыргызчалоого филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Айида Батырбекова. Медициналык китептин бетин ачып миңдеген оорулардын түрлөрүн окууга болот. Алардын аталыштары дагы бир шумдук: анемия, адентия, алколоз деги койчу… Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында коомчулук арасына жайылып, белгилүү болгон дарттардын кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк. 

  • Эпилепсия — талма
  • Боткин — сарык
  • Давление — кан басым
  • Лихорадка — чыйгырып, калтырак басуу
  • Ишурия — заарасы чыкпай калды же бейшеби бекип калды
  • Коклюш — көк жөтөл
  • Ветрянка — чечек
  • Лишай — чакалай
  • Опухоль, рак — шишик
  • Грыжа — чурку же омуртка сөөгүнүн жабыркашы
  • Зоб — богок
  • Туберкулез — кургак учук
  • Грипп — сасык тумоо
  • Радикулит — куяң оорусу 
  • Киста — ыйлаакча
  • Сухой кашель — кургак жөтөл
  • Порок сердца — жүрөк оорусу
  • Анемия — аз кандуулук
  • Паралич — шал.
Жаңылыктар түрмөгү
0