БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. АКШнын элчилиги Кыргызстанда жүргөн жарандарын сак болуп жүрүүгө чакыргандыгы тууралуу маалымат дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтына жарыяланды.
Мындай чукул маалыматты өкүлчүлүк Кытай элчилигинин тегерегинде болгон терактынын айынан чыгарды. Жардыруу шейшемби күнү эртең менен болгон. Жанкечти террорист Кытай дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн дарбазасын койдуруу менен өзүн өзү жардырган.
АКШ элчилиги жарандарын акыркы жаңылыктарды окуп, абал менен кабардар болуп турууга чакырат.