Президент Атамбаев ири жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Жазылуу
Ишемби күнү Жайыл районундагы Бишкек — Ош жолунда эки унаа кагышып, натыйжада тогуз киши каза болгон.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек — Ош кан жолунда ири жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын желегин түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады
Мындан тышкары, президент көз жумгандардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүү боюнча буйрук берди. 

Эскерте кетсек, ишемби күнү Жайыл районундагы Бишкек — Ош жолунда Volkswagen Passat менен Mitsubishi Lancer унаалары кагышып, кырсык тогуз адамдын өмүрүн алып кеткен. ӨКМдин маалыматы боюнча сегиз киши окуя болгон жерден жан берип, дагы бирөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0