БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу кырдаал өзгөрбөстөн турат, Өзбекстан аскерлери тарабынан кармалып кеткен кыргызстандык төрт жаран бошотула элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан.Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган.
24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Янги-Курган райондук милициясына алып барган.
"Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча кыргызстандыктар бошотула элек. Жакынкы убакытта маселе чечилип калат, буюрса", — деди Алымбаев.
Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын милиция кызматкерлери кете элек.