Чолпон-Атадагы абалды облус жетекчиси өз көзөмөлүнө алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев. Архив
Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн түшкө маал нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу шаардын борбордук жолу менен бир катар үйдүн короо-жайын каптап кеткен

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы табигый кырсыктан улам жаралган кырдаалды өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Көлчүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Чолпон-Атадагы суу каптоого тургундардын арык каздырбай коюшу себеп болду
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал нөшөрлөгөн жаан жаап, суу шаардын борбордук жолу менен бир катар үйдүн короо-жайын каптап кеткен.

Учурда шаардын мэри коммуналдык кызматтар жана ӨКМдин адистери менен абал менен таанышып жүрөт, азырынча келтирилген зыяндын көлөмү тактала элек.

Чолпон-Ата мэриясынын билдиришинче, кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.

Кырдаалды облус жетекчиси Акибаев өз көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0