БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту баласынын көзүнчө энесин зордуктоого шектелген жаранды камакта калтырды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Данияр Жолдошев билдирди.
Эскерте кетсек, 29-июль күнү Чүй облусунун Чыгыш айылында жашаган аял зордукталганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. 33 жаштагы келиндин айтымында, аны Балыкчыдан Бишкекке алып келе жаткан таксист тоо жакка айдап, беш жаштагы баласынын көзүнчө зордуктап салган. Айдоочу ошол эле күнү кармалган. Каракол шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алуу өкүмүн чыгарган.
"Шектүүнү камактан чыгарып жибереби деп аябай кооптондук. Бирок сот анын жактоочусунун доосун карап чыгып, мурунку өкүмдү күчүндө калтырды", — деди Жолдошев.
Буга чейин Каракол шаардык соту зордуктоого шектелип кармалган жаранды бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.