Үркүн-100: каргашалуу окуяга арналган автожүрүш башталды

© Фото / пресс-служба НАН КРҮркүнгө арналган эстелик. Архив
Үркүнгө арналган эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өмүр көчү-100" эки күнгө созулуп, Сокулук районунун Асыл-Баш айылынан башталат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бүгүн, 5-август күнү президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен 1916-жылкы кайгылуу окуяларга арналган "Өмүр көчү-100" деп аталган автожүрүш башталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара Сокулук районунун Асыл-Баш айылынан башталып, андан ары Беловодск, Боом капчыгайында, Бөкөмбаев, Барскоон айылдарында уланат. Ал эми эртеси, 6-августта автожүрүштүн катышуучулар Каракол шаары менен Түп районунда болушат.

Өлкө башчы Атамбаев автожүрүштүн катышуучуларына кайрылуу жолдоп, Үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң каргашалуу окуя экенин белгилейт. 

"Буга чейин 1931-жылы Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев башында турган мамелкеттик ишмерлер Үркүндүн 15 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурушкан. Ошондон кийинки 60 жылдын аралыгында бул тууралуу эч сөз болбой, керек болсо аны элдин эсинен өчүрүүгө да аракеттер жасалган", — деди президент.

Атамбаев эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жаш активисттер демилге көтөрүп, "Өмүр көчү-75" аттуу жөө жүрүш уюштурушканын, 90 жылдыкка карата Бедел ашуусунда көз жумган кандаштардын сөөгүн жерге жашыруу иш-чаралары өткөнүн белгиледи.

"Учурда бул кандуу окуяга мамлекет өзгөчө көңүл буруп, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган бардык иш-чараларды колдоп келет. "Өмүр көчү-100" жүрүшү мамлекеттүүлүктү чыңдап, элдин биримдигин бекемдейт деген ишеним күч", — деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Атамбаев жүрүш катышуучуларына шыдыр жол тилеп, ата-бабалардын алдындагы ыйык парзды жоопкерчилик менен өтөп келүүнү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0