БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы Кайгуул милициясынын айнектин тонировкасын алуу талабына баш ийбеген айдоочуларды кандай жаза күтөрүн айтып берди.
Унаанын алды жагындагы каптал терезелерин караңгылатууга өкмөттүн токтому менен 18-июлдан баштап тыюу салынган.
Айнекти мыйзамсыз караңгылатууга 2000 сом айып пул салынат. Эгер айдоочу Кайгуул милициясынын талабын аткаруудан баш тартса, унаа айып короого токтотулат.
Ал эми мыйзам боюнча президенттин, өкмөт башчынын, спикердин жана Жогорку сот төрайымынын унааларыy караңгылатууга уруксат берилет.
Мындан сырткары, УКМКнын 9-бөлүмүнүн, "Кыргыз инкассациясы" (акча жана баалуу буюмдарды жеткирүү) ишканасынынын жана кылмышкерлерди ташыган унаалардын айнегин караңгылатуугага жол берилет.
Терезелерин караңгылатып алган башка унаалар сөзсүз жазага тартылат.