Оштогу жаш жубайлар дагы ашыкчы чыгымдардын ордуна балдарды мектепке даярдашат

© flickr.com / ChuWeiHunG IPhotoЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-июлда үйлөнө турган Темирлан Токоев той учурунда ондогон улаарды айдатып шаар аралоого кеткен акчаны муктаждарга берүүнү чечкен.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош облусунун тургуну Темирлан Токоев үйлөнүү тоюнда кортеж үчүн кете турчу акчага колунда жок кишилердин балдарын мектепке даярдоону чечти. Бул тууралуу ал өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскертсек, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну Азат Аманов да тойдо кетчү кошумча чыгымга колунда жок кишилердин балдары үчүн мектепке керектүү форма, дептер, калемдерди сатып берген болчу. Ал мындай иштерди эстафета катары башка жубайларга бере турганын айткан болчу.

Коммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кредитке алынган келиндер — насыя тууралуу олуттуу маек
Токоев эстафетаны Амановдон алганын айтып, мындай иш-чаранын максаты үйлөнүү тоюндагы ысырапкорчулукка жол берген ашыкча чыгымдын ордуна пайдалуу иштерди жасоо экенин айтты. Ал ошондой эле жалпысынан 30дай балага жардам бериле турганын кошумчалады.

Иш-чара 30-июлда Сулайман-Тоонун аймагында саат 16:00дө болот.

Белгилей кетсек, Ош шаарында үйлөнүү үлпөтү учурунда ондогон унаа менен көчө кыдыруу жаштар арасында көп жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0