"Кайран элим, кайда баратабыз?" Бишкекте жаңы баннер пайда болду
"Кайран элим, кайда баратабыз?" Бишкекте жаңы баннер пайда болду
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин ушул сымал баннерлер көчөлөргө илинген. Анын бир тарабында кыргыз улуттук кийимин кийген айымдар болсо, экинчи тарабында паранжачан аялдардын сүрөтү... 28.07.2016, Sputnik Кыргызстан
Буга чейин ушул сымал баннерлер көчөлөргө илинген. Анын бир тарабында кыргыз улуттук кийимин кийген айымдар болсо, экинчи тарабында паранжачан аялдардын сүрөтү чагылдырылган.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте "Кайран элим, кайда баратабыз?" жаңы баннери илинди.
Жарнак Горький менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда улуттук жана заманбап кийимчен кыздардын сүрөтү тартылган.
Жарнак Горький менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда улуттук жана заманбап кийимчен кыздардын сүрөтү тартылган. Бишкек мэриясы мындай баннерди ким илдирткенин тактап жатат.
Июль айынын орто ченинде Бишкектин борбордук көчөлөрүнө ушул сымал баннерлер илинген. Анын бир тарабында кыргыз улуттук кийимин кийген айымдар болсо, экинчи тарабында паранжачан аялдардын сүрөтү чагылдырылган.
Президент Алмазбек Атамбаев мындай жарнактарды республика боюнча орнотуу буйругун берген. Өлкө башчы мындай кадам менен кыргыз маданиятын араб, пакистан, бангладеш маданияттары менен чаташтырбоого чакырган.
Жакынкы аралыкта Сүлүктүдө илинген мындай жарнакка белгисиз адамдар өрт койгон. Милиция учурда тартип бузгандарды издеп жатат.