Жети жашар жеткинчек чогулткан тыйынын рак менен ооруган балдарга берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынын Help the Children-SKD фондунун бетинен тартылган кадр. Архивное фото
Facebook социалдык тармагынын Help the Children-SKD фондунун бетинен тартылган кадр. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар фондунан билдиришкендей жеткинчек онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берүү үчүн атайын каражат чогултуп жүргөн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жети жашар жеткинчек рак менен ооруган балдарга колдоо көрсөтүүчү Help the Children-SKD фондуна 1 миң 154 сом өткөрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюмдун аткаруучу директору Елена Перевозникова билдирди.

Ал эми фонддун башчысы Елене Коневанын айтымында баланын ата-энеси дагы фондго дайыма колдоо көрсөтүп, колунан келген жардамдарын берип турушат.

“Жеткинчек акчаны берип жатканда бул каражат башкаларга көбүрөөк керек экенин билдирди. Ал көптөн бери чогултуп жүргөн экен. Өзүңүздөр деле ойлоп көрүңүздөр бул жаштагы балдар үчүн миң сом чоң эле акча. Бирок ал өзүнө алып калбастан башкаларга жардам берүүнү туура көргөн”, — деп билдирди Конева.

Фонддун жетекчиси билдиргендей бул каражат эмнеге жумшалары азырынча белгисиз.

Help the Children-SKD — онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүүчү коомдук фонд. Аталган уюм тогуз жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып, 18 миң балага жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0