Куткаруучу нарындык жигиттин максаты — айылдын абалын оңдоо

© Фото / Жазгуль ИбраимоваНарын облусунун Кара-Саз айылынын тургуну Талант Тилен уулу
Нарын облусунун Кара-Саз айылынын тургуну Талант Тилен уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун Кара-Саз айылынын тургундары чачын кайда кырктырып, таштандыдан кантип арыларын Sputnik кабарчысы билип көрдү.

Талант Тилен уулу атына заты жарашкан жарашкан жигиттерден. 26 жаштагы үч баланын атасы айылын өнүктүрүп, элге жардам берүүнүн сырын жакшы билет. Тилек — каптап келе жаткан суудан айылды аман алып калган эр жүрөктөрдүн бири.

— Нарынды суук дейт, алыскы деп коет, айтор Кара-Саз айылында жашоо кандай?

— Айыл турмушу дайыма эле татаал болчу. Мисалы, Бишкекте ысык суу бир эле айга өчөрүн билем. Бизде болсо ал өмүрү болгон эмес. Албетте, колунан келгендер ваннага суу жылыткыч орнотуп алышат дечи, бирок андайлар бирин-серин эле. 

Көпчүлүк мончого барат. Бизде көп нерсе жок. Кийим-кече же тамак-аш сатып алыш үчүн 15 чакырым жерге барышыбыз керек. Айрымдары машина менен барса, көпчүлүгү атчан жүрөт. 

© Фото / Жазгуль ИбраимоваТалант Тилен уулу: Айыл турмушу дайыма эле татаал болчу. Мисалы, Бишкекте ысык суу бир эле айга өчөрүн билем. Бизде болсо ал өмүрү болгон эмес
Интервью с активистом Талантом Тилен уулу - Sputnik Кыргызстан
Талант Тилен уулу: Айыл турмушу дайыма эле татаал болчу. Мисалы, Бишкекте ысык суу бир эле айга өчөрүн билем. Бизде болсо ал өмүрү болгон эмес

Албетте, турмуш шартыбыз ыңгайлуу деш кыйын. Бирок биз, айылдыктар, аны өзүбүз жакшыртканга аракет кылабыз. Мисалы, жакында биз борбордук көчөлөргө жарык өткөрдүк. Айыл жаштары менен бирге отургучтарды орнотуп, карагай-балатыларды тигип койдук. 

— Жүрөк өйүткөн маселе барбы?

— Мени баарынан кыжалат кылганы, элдин таштанды ыргытар жери жок болчу. Айылда бир да жаман-жуман нерселерди сала турган челек жок эле! Кагаз-кугаздарды же дарбыздын кабыгын турган жерлерине деле таштап коюшчу. Таштандынын баарын айылдын сыртына чыгарып, ал жакта жөн эле тоо болуп үйүлүп калган эле.

Ювенилдүү артрит оорусуна чалдыккан он эки жашар Тилек Алтымышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баспай калган 12 жашар Тилек үй-бүлөсүн багыш үчүн үй сатып оокат кыла баштады
Ушул нерсе жаныма батып кетти. Жаштары өнүктүрүү институту грант жарыялаганын билип, таштанды үчүн челектерди орнотуу боюча долбоор жаздым да, утуп алдым. Албетте, донорлордун эле жардамына иштенип отура берген болбойт. 

Биз балдар менен чогулуп алып, эл арасында айылды таза кармоонун мааниси жөнүндө тарбиялык иштерди жүргүзө баштадык. Таштандыны кайда, кантип чыгарууну ойлонуштурдук. Анан бул ишке көз сала турган кишини дайындап койдук. 

— Акчаны кантип табасыз? 

— Мен куткаруучу болуп иштейм. Жакында бизде бир кырсык болду. Мурап суу каптап келе жатат деп кабарлап калды. Окуя болгон жерге дароо чогулдук. Сегиз киши эле, суу күчөп эле келе жатат десеңиз! Сууну сегиз саат бою бир тыным албай сузуп төгүп жатып, крсыкты болтурган жокпуз. 

© Фото / предоставлено Талантом Тилен уулуТалант Тилен уулу: Жаштары өнүктүрүү институту грант жарыялаганын билип, таштанды үчүн челектерди орнотуу боюча долбоор жаздым да, утуп алдым. Албетте, донорлордун эле жардамына иштенип отура берген болбойт
Интервью с активистом Талантом Тилен уулу - Sputnik Кыргызстан
Талант Тилен уулу: Жаштары өнүктүрүү институту грант жарыялаганын билип, таштанды үчүн челектерди орнотуу боюча долбоор жаздым да, утуп алдым. Албетте, донорлордун эле жардамына иштенип отура берген болбойт

— Келечекке пландарыңыз барбы?

— Демөөрчүлөр менен бирге жакында арыктарды тазалоочу жана иче турган суунун кошумча булактарын түзүүчү система орнотобуз. Жумушчулардын эмгек акысын төлөш үчүн эл аралык уюм бизге 1000 литр өсүмдүк майын жана 7 тонна ун бөлүп берген. 

— Азык-түлүк үчүн эл иштейби анан? 

— Ооба. Бул кандай болсо да жардам. Жакыр үй-бүлөлөр иши кылса иштеп бир нерсе таап алууга муктаж.

Маектешкен Асель Абдашинова

Жаңылыктар түрмөгү
0