БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дзюдо боюнча "Кодокан" спорт клубунун директору Турсун Курбанов 48 жашында каза болду. Бул туурасында аталган федерациядан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Национальной федерации дзюдоДзюдо боюнча "Кодокан" спорт клубунун директору Турсун Курбанов
Дзюдо боюнча "Кодокан" спорт клубунун директору Турсун Курбанов
© Фото / пресс-служба Национальной федерации дзюдо
Федерация маркумдун Кыргызстанда дзюдонун калыптанышына жана жайылтылышына салымы чоң экенин белгилеп, жакындарына көңүл айтты.
Курбанов спорттун аталган түрү боюнча СССРдин чебери жана тажрыйбалуу машыктыруучу болгон.