ЖКда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДобуш берүү. Архив
Добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкуу учурунда Кожобек Рыспаев 300 миң колду 10 миңге азайтуу акылга сыйбай турганын айтып, норманы алып салуу сунушун киргизди.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. 

Депутаты Жогорку Кенеша во время церемонии принесения присяги министров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга тарады
Өзгөртүүлөргө ылайык, референдум өткөрүү боюнча демилгечилердин курамы өзгөргөн.

Ага ылайык, мыйзам демилгелөө үчүн чогултулушу керек болгон 300 миң кол 10 миңге азайтылып, демилге көтөрүү укугуна мындан ары президент эмес, өкмөт ээ болот. Мындан сырткары буга чейин референдумдун жыйынтыгын атайын комиссия чыгарса, эми бул процедура БШКга берилет. Ошондой эле референдумга коюлган маселеге каршы же колдоо иретинде үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Талкуу учурунда Кожобек Рыспаев 300 миң колду 10 миңге азайтуу акылга сыйбай турганын айтып, норманы алып салуу сунушуна демилгечи депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматов макул болуп экинчи окууда аталган пункт алып салынарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0