БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Орозо айттан улам 6-июль күнү өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланганы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында айтылат.
Эскерте кетсек, быйыл орозо 6-июнда башталып, айт майрамы 6-июлга белгиленген.
Министрлик эс алуу күнүн жарыялоо жөнүндөгү токтомго кол коюлганын белгилейт. Ал эми 7-8-июль иш күндөрү болот.