БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жай үчүн кошумча жер издейт. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен билдирди.
Өткөн ишембиде мэриянын кызматкерлери президенттин кеңешчиси Калыбек Султанов жана вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев менен биргеликте шаардагы абал менен таанышып чыгышты.
Анда шаардагы каналдар, унаа жолдору текшерүүгө алынып, иш-чара учурунда кошумча унаа токтотуучу жайлардын зарылдыгы айтылды.