Укук коргоочулардын президенттин үстүнөн жазган арызын сот канааттандырган жок

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулар буга чейин Атамбаевдин кечирим сурашын жана моралдык чыгым үчүн 20 миллион сом талап кылышкан.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкөн Исмаилованын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын караган Биринчи Май райондук соту алардын талабын канааттандырган жок. Бул тууралуу Абдрасулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, райондук соттун чечимин эми шаардык сотко даттана тургандыктарын айтып, адилеттүү чечим чыкканга чейин күрөшө беришерин кошумчалады.

"Биз адилеттүү чечим чыкканга болгон аракетибизди көрөбүз. Керек болсо эл аралык комитеттерге, сотко чейин кайрылабыз", — деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин таламын сотто коргогон өкүл Алмаз Османова соттун толук чечими кийинки жумада чыга турганын айтып, ага чейин комментарий бербей турганын билдирди.

Экс-президент Курманбек Бакиев жана Жаныбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Бакиевге мунапыс берүүдөн баш тартып, өмүр бою эркинен ажыратууну күчүндө калтырды
Белгилей кетсек, өлкө башчысы Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата уюштурулган салтанатта "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, алардын жыйынына катышкан укук коргоочуларды грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп айткан. 12-майда "Элдик парламенттин" жыйыны өтүп, ага укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан.

Укук коргоочулар Атамбаевдин бул сөзү алардын ар-намысына шек келтиргенин айтып, президенттин кечирим сурашын жана анын үстүнөн арыз жазып, 20 миллион сом доо талап кылышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0