Атамбаев Орландодогу адам өлүмү менен коштолгон окуядан улам Обамага көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы өз телеграммасында террордук актыларды актоого болбой турганын белгилейт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев АКШ өлкө башчысы Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала ктесек, АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарындагы түнкү клубда болгон атышуудан 50 киши каза болуп, 53 киши түрдүү жаракаттарды алган.

"Кыргыз өлкөсү төбө чачты тик тургузган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт жана террордук актыларды актоого болбой турганын белгилейт", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Атамбаев өз кайрылуусунда курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишине тилектеш экенин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0